Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңештин комитетинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялык кызматына шайлоо үчүн талапкерлер каралды

10-01-2024
11:15

Бүгүн, 10-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети кезексиз жыйында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялык кызматына шайлоо үчүн талапкерлерди карады.

Талапкерлер тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов берди. Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялык кызматына шайлоо үчүн Элмира Байтикова, Эркинбек Мамыров жана Медербек Сатыевдин талапкерлигин сунуштаган.

Бул маселени талкуулоодо депутат Гуля Кожокулова менен Жусупбек Коргонбай уулу сот органдарынын ишине элдин нааразычылыгына көңүл бурушту. Жусупбек Коргонбай уулу Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажыратууну колдонуунун өзгөчөлүктөрү жана тажрыйбасы тууралуу да маселе көтөрдү. Талкуунун жыйынтыгы боюнча Комитет Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялык кызматына шайлоо үчүн сунушталган талапкерлерди жактырды.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү