Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“КР айрым мыйзам актыларына (Укук бузуулар жөнүндө кодексине, “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам  долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды

10-01-2024
10:26

Бүгүн, 10-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында  Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Укук бузуулар жөнүндө кодексине, “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам  долбоору үчүнчү окууда каралды.

Министлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоорун Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова тааныштырды.  

Мыйзам долбоор «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын айрым жоболорун Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык келтирүү максатында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2022-жылдын 29-августундагы № 7725 тапшырмасын эске алуу менен иштелип чыккан.

Мындан тышкары, жыйында “Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, кабыл алынды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси - Министрлер кабинетинин төрагасы.

Мыйзам долбоору менен Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Атап айтканда, 86-статьянын 2-пунктун төмөнкүдөй редакцияда баяндоо сунуш кылынат: "Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары юридикалык жактын статусуна ээ. Алар түзүлгөн күндөн баштап түзүлдү деп эсептелет. Аларды каттоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан аныкталат".

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү