Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

«Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жана «Ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндөгү» КР мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу» мыйзам  долбоору үчүнчү  кабыл алынды

10-01-2024
10:23

Бүгүн, 10-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жана «Ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу» мыйзам  долбоору үчүнчү окууда каралды.

Мыйзам долбоору Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген.

Мыйзам долбоору тууралуу маалыматты Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова тааныштырды.  

Анда ырайым кылуу жана ырайым кылуунун тартиби бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 94-беренесин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-71-беренелерине ылайык келтирүү, ошондой эле ырайым кылуунун механизмдерин тартипке келтирүү жана ченемдик укуктук актылардын санын азайтуу, ырайым кылуу маселелерин жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.

Мындан тышкары жыйында "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Граждандык кодексине, "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу") мыйзам долбоорлору үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды.  

Мыйзам долбоорунун демилгечиси - КР Жогорку Соту.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү