Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Төрага Нурланбек Шакиев мамлекеттик жана коомдук ишмер Жеңишбек Бекболотовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты

08-01-2024
13:06

Бүгүн, 8-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Жеңишбек Бекболотовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты.

Төрага Нурланбек Шакиев маркумдун байсалдуу өмүр жолу тууралуу сөз кылып: “Жеңишбек Бекболотов тажрыйбалуу адис, иш билги инсан катары мамлекеттик кызматта узак жылдар эмгектенип, өлкөбүздүн өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон. Алгач заводдо жөнөкөй жумушчулуктан баштаган өмүр жолун ар кыл кызматтарда улантып, мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийликтеринде жигердүү иш алып барган”, – деди.

Муну менен катар илим изилдөө жаатындагы жасаган иштерине токтолгон Төрага: “Курулуш, ирригация жана суу пайдалануу чөйрөсүндө илимий эмгектердин жана көптөгөн ойлоп табуулардын автору болгон. Андыктан, эмгеги менен элдик инсанга айланган Жеңишбек Бекболотовдун баскан жолу көпчүлүккө үлгү” – деп кошумчалады.

Эскерте кетсек, Жеңишбек Бекболотов 1945-жылдын 15-майында Ош облусунун Жаңы-Жол районундагы Караван айылында туулган. 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү