Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Төрага Нурланбек Шакиев Иран мамлекетинин Ислам Кеңешинин Межлисинин Төрагасы Мохаммад Багер Галибафга Керман шаарында катталган терактка байланыштуу көңүл айтты

04-01-2024
21:20

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Иран Ислам Республикасынын Керман шаарында катталган терактка байланыштуу аталган өлкөнүн Ислам Кеңешинин Межлисинин Төрагасы Мохаммад Багер Галибафга көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

Анда мындай деп айтылат: 

"Керман шаарындагы бейкүнөө адамдардын өлүмүнө алып келип, көптөгөн жарандарды жарадар кылган террордук акт тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасы терроризмди, ошондой эле жалпы тынчтыкка жана туруктуулукка коркунуч туудурган анын бардык түрлөрүн кескин түрдө айыптайт.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жалпы боордош иран элине терең кайгыруу менен көңүл айтып, адамгерчиликсиз жана ырайымсыз чабуулдун натыйжасында жаракат алгандардын тез арада сакайып кетишин тилейм"

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү