Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев Жайыл жана Панфилов райондоруна иш сапары менен барды

31-12-2023
12:12

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев жаңы жылды утурлай Жайыл жана Панфилов райондорунда болду.

Алгач Суусамыр айыл аймагына барып, жергиликтүү жетекчилер менен бирге өткөн жылда жасалган социалдык-инфраструктуралык долбоорлорду талкуулап, кийинки жылга жасалчу иштердин планы боюнча баарлашты. Анын ичинен узак жылдардан бери курулушу бүтпөй келе жаткан маданият үйүнүн абалы менен таанышкан депутат келерки жылы аягына чыгаруу маселесин өз көзөмөлүнө аларын билдирди.

Ошондой эле Нурланбек Азыгалиев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Кошкоро Жамангуловдун үйүнө барып, баатыр аксакалдан кабар алды. Жолугушууда 100 жаштагы ардагерге бекем ден соолук, дөөлөттүү карылык тилеген төраганын орун басары: "Сиздердей баатырларыбыздын талыкпас аракети жана тайманбас эрдигинин аркасы менен көп улуттуу өлкөбүз жеңишке жетишип, азыркы тынч турмушта жашап жатабыз. Андыктан, сиздей ардагерлерибизге кам көрүп, сый көрсөтүү баарыбыздын милдетибиз" - деди. Муну менен катар ардагерге Жайыл районунан бир бөлмөлүү батирдин ачкычын белекке берди. Алсак, аталган батирди белекке берүү маселеси депутат тарабынан көтөрүлүп, аткаруу бийлигинин колдоосу менен ишке ашырылды.

Мындан тышкары, Нурланбек Азыгалиев "Дельфин Кара-Балта" бала бакчасына барып, аталган жайдын абалы менен таанышты. Белгилүү болгондой, бала бакчанын имаратынын чатыры эскирип, жаңылоого муктаж. Ошондой эле балдарды окутуп, тарбиялоого жана ойнотууга керектүү жабдуулар да жетишсиз. Андыктан эл өкүлү кийинки жылы аталган маселелердин үстүндө иш алып барарын билдирди. Муну менен катар депутат ушул жана башка социалдык мекемелерге Жогорку Кеңештин резервдик фондунан каралган каржылык жардамдарды көрсөттү. Тагыраагы, Вознесеновка айылындагы бала бакчага жана мектепке, Первомайский айылындагы үй бүлөлүк дарыгерлер тобуна да 150 миң сомдон тапшырды.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү