Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Максатбек Сарбагышев бир катар кайрымдуулук иш-чараларын өткөрдү

29-12-2023
15:41

Бүгүн, 29-декабрда депутат Максатбек Сарбагышев Жогорку Кеңештин жана жеке өзүнүн атынан «Сантерра Север» коомдук кайрымдуулук фондунун кайрылуусуна ылайык, аутизм, даун синдрому жана церебралдык шал илдетине чалдыккан балдарга ойногонго керектүү жабдууларды тапшырды.  

Андан соң ушундай кайрымдуулук иш чарасы Ысык-Көл районунда жана Балыкчы шаарында уланып,  мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ун таратылды.

Депутат Максатбек Сарбагышев жасалып жаткан кайрымдуулук иштери мындан ары да улантыларын белгилеп: “Биз бири-бирибизге жөлөк-таяк болуп, колдоого алганыбызда гана ийгиликке жетише алабыз. Айрыкча кайрымдуулук кылуу кыргыз элинин кан-жанына сиңген, улуттук нарк болуп эсептелет”, – деди.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү