Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңеш «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун жактырды

28-12-2023
11:13

Бүгүн, 28-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда каралып, жактырылды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси – депутат Дастанбек Жумабеков.

Жыйында бул маселе боюнча баяндама жасаган Бюджет жана фискалдык саясат боюнча комитеттин мүчөсү Камила Талиева белгилегендей, мыйзам долбоору республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды эффективдүү пайдаланууга, патент алуу үчүн эмгек чыгымдарын кыскартууга жана мүлктү мурастоо тартибинде өткөрүп берүү учурунда мураскорлордун укуктарын ишке ашырууга багытталган.

«Персоналдык жардамчы кызматы толугу менен республикалык бюджеттин эсебинен төлөнөт, жеке жардамчыларды салык төлөөдөн бошотуу зарыл деп эсептейм. Ага ылайык, бюджеттик чыгымдарды үнөмдөсө болот. Бул мыйзам долбоорунун кийинки максаты 191-статьянын 6-бөлүгүнө «Киреше салыгы боюнча жеңилдиктерди киргизүү» болуп саналат. Кыймылсыз мүлктү бир жыл өткөнгө чейин сатууда мураскорлор кыймылсыз мүлккө киреше салыгын төлөөдөн бошотулушу сунушталууда», - деп белгиледи Дастанбек Жумабеков.

Талкуу маалында депутаттардын суроолоруна Экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев жооп берди.

Депутат Султанбай Айжигитов көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүү жана экономиканы өнүктүрүү боюнча Министрлер кабинети тарабынан көрүлүп жаткан макроэкономикалык чараларга, функцияларга кызыкты. Ал эми эл өкүлү Гүлшаркан Култаева салык төлөөчүлөрдү тейлөө борборлорун жайылтуу зарылдыгын белгилеп, учурда узун кезектер байкалып жатканын кошумчалады.

Депутат Медербек Алиев туура салык саясатын жүргүзүү маселелерине токтолуп, өнүккөн өлкөлөрдө коррупцияга каршы күрөшүүдө эң маанилүү орган – бул салык кызматы экенин белгиледи.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү