Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңеште акимдердин орун басарларынын кызмат ордуна дайындоо жана бошотуу тартиби тууралуу мыйзам долбоору каралды

27-12-2023
15:17

Бүгүн, 27-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Мыйзам долбоору Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген.

Жыйында баяндама жасаган Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Максатбек Саргазаков белгилегендей, мыйзам долбоору мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү, ошондой эле “2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында кадрларды өнүктүрүүнүн жана калыптандыруунун мамлекеттик стратегиясын бекитүү жөнүндө” КРнын Президентинин 2023-жылдын 2-февралындагы № 17 Жарлыгын ишке ашырууга багытталган.

Алсак, мыйзам долбоору Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басарынын кызмат ордуна дайындоо жана бошотуу тартибин жана ченемдерди милдеттүү кылууну жана жөнөкөйлөтүүнү карайт.

Талкуу маалында депутаттар Балбак Түлөбаев жана Аманкан Кенжебаев бул мыйзам долбоору административдик-аймактык реформаны ишке ашыргандан кийин ага ылайык келтирүү менен киргизилиши керектигин белгилешти.

Ал эми эл өкүлү Русланбек Жакышов чет элдик алдыңкы университеттерди бүтүргөн жаш адистердин билимин кадрдык резерв механизми аркылуу колдонууну сунуштаса, депутат Надира Нарматова жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин кызматтарына мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштеген тажрыйбалуу адистер келиши керектигин белгиледи.

Депутат Дастан Бекешев патронаттык кызматкерлердин эмгек стажы катары коомдук жардамчы болуп иштеген убактысын эске алууну сунуштады. Эл өкүлү Талант Мамытов класстык чендерди ыйгаруу критерийлерине кызыгып, ошону менен бирге мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди үзгүлтүксүз окутуу маселесине көңүл бурду.

Депутат Кундузбек Сулайманов мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында ээлеген кызмат орундарынын, баскычтарынын ырааттуулугун киргизүүнү сунуштады.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү