Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кадамжай, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак жана Айдаркен шаарларынын суу секторунун туруктуулугун жогорулатуу боюнча мыйзам долбоору каралды

27-12-2023
12:31

Бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында  “2023-жылдын 16-майында Самарканд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасынын суу секторунун туруктуулугун жогорулатуу программасы – Кадамжай, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак жана Айдаркен шаарларынын чакан долбоорлору” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2023-жылдын 16-майында Самарканд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасынын суу секторунун туруктуулугун жогорулатуу программасы – Кадамжай, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак жана Айдаркен шаарларынын чакан долбоорлору” долбоору боюнча берилүүчү Акционерлердин атайын фондунан инвестициялык грант тууралуу гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзам  долбоору  экинчи окууда талкууланды. 

Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Тармактык комитеттин төрагасы Улан Примов аталган шаарларды таза суу менен камсыздоого 18.6 млн евро алынарын жана аны төлөө үчүн сууга болгон тарифтин көтөрүлүшү күтүлүп жатканын маалымдады. “Ар бир шаарга  4 млн 650 миң евродон бөлүштүрүлөт. Каражаттын 800 млну кредит болсо, 800 млну грант. Техникалык кызматташтык үчүн  2.5 млн евро каралууда. Кредиттик мөөнөт 15 жыл. Анын 4 жылы жеңилдетилген. Карыз алуучу мэрия жана суу канал ишканалары тарабынан тарифтин көтөрүлүшү каралган. 2025-жылдан баштап 20 сомго чейин көтөрүлушү күтүлөт”,-деди баяндамачы У. Примов. 

Талкууда депутаттар Гуля Кожокулова менен Медербек Алиев 2 млн евро  консультациялык кызматтарга  жең ичинен кетип жатат деген жүйөө менен  сын пикирин айтты. “Мындай келишимдерди албетте колдойбуз, бирок консультанттардын маселесине таң каласын, алар бир айда тапкан акчаны катардагы мамлекеттик кызматкер бир жылда да таба албайт. Консультанттарсыз эле  техникалык тапшырмаларды   сиздердин мекемде  эле иштеп жаткан кызматкерлер эң сонун кылып кагазга түшүрө алат. Эмнеге кайдан-жайдан пайда болгон консультанттар миллиондорду алышы керек? Мындан ары консультанттарга берилип жаткан акча  боюнча  туура кортунду чыгарууңар керек”,-деп белгиледи Медербек Алиев.

Депутаттар Камила Талиева жана Миргүл Темирбаева суу менен проблемасы   башка шаарларда да чоң көйгөй  экенин айтып, кийинки долбоорлорго алар камтылышы зарылдыгын кошумчалады. Депутат Балбак Түлөбаев  азыр аталган төрт шаарга кезек келгенин жана башка аймактарда да кезек менен таза суу долбоорлору жүзөгө ашырылары айтылганын белгиледи. Таза суу үчүн кийинки кезекте Талас, Кант, Шопоков шаарлары турат. Талкуу соңунда мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.

Ошондой эле жыйында мындан тышкары бир катар ратификациялык мыйзам долбоорлор каралды. Министрлер кабинети менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Аскер жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды.

Эл аралык эмгек уюмунун эмгек чөйрөсүндөгү зомбулукту жана ыдык көрсөтүүлөрдү жоюу жөнүндө № 190 конвенциясын ратификациялоо тууралуу” мыйзам  долбоору экинчи окууда кабыл алынды.

Талкууда Гүля Кожокулова конвенция формалдуу болбошу керектигин белгилеп, документ чыныныда зордук-зомбулук көргөн аялдарды коргошу керек деди. Депутат Гүлшаркан Култаева конвенцияда жазылгандай кесиптик даярдыктан өтүп жаткан, тагыраагы өтө төмөн айлык алган ординаторлордун да   кызыкчылыгын коргой алабы деген суроону койду.    Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова  Эмгек кодекси боюнча жакында реформа болорун билдирип, анын алкагында стажерлердун маселеси караларын билдирди.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү