Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Төрага Нурланбек Шакиев ЖККУ ПАнын Кеңешинин отурумуна катышты

19-12-2023
14:02

Бүгүн, 19-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Москва шаарында өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) Кеңешинин отурумуна катышты.

Иш-чараны Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин ачып, жыйында жамааттык коопсуздукка байланышкан маселелер талкууланды. Ошондой эле Ассамблеянын алкагында парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду.

Отурумда сөз сүйлөгөн Төрага Нурланбек Шакиев Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна төрагалык кылуу милдети Казакстан Республикасына өтүп жатканын эске салып, Кыргызстан Парламенттик ассамблеянын алдыдагы пландарын ийгиликтүү ишке ашырууга көмөктөшөрүн кошумчалады. 

Муну менен катар парламенттер аралык кызматташтык ЖККУ алкагындагы байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгилеген Төрага: “Жамааттык коопсуздукту камсыздоо жаатындагы алакаларды арттыруу үчүн моделдик мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана улуттук мыйзамдарды бири-бирине шайкеш келтирүү багытындагы иштерди улантуубуз кажет. Айрыкча мамлекет башчыларыбыздын кабыл алган чечимдерин мыйзамдуу ишке ашырууда парламенттердин ролу чоң”, – деди.

Андан тышкары, Кыргыз Республикасы ЖККУнун потенциалын чыңдоого өзгөчө маани берерин айткан Нурланбек Шакиев: “Дүйнөдөгү аскердик-саясий кырдаал жана коопсуздукка коркунуч жараткан чакырыктар мамлекеттер аралык алакаларга терс таасирин тийгизери анык. Андыктан, компромисстик ыкмаларды издөө менен көйгөйлөрдүн келип чыгышынын себептерин жоюу боюнча кызматташтыкты бекемдөө учур талабы. Биз кандай гана чыр-чатактар болбосун тынчтык жолу жана дипломатиялык ыкмалар менен жөнгө салынышын жактайбыз”, – деди.  

Эскерке кетсек, ЖККУ ПАга Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын парламенттери мүчө.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү