Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңеште мамлекеттик ишмер Зууракан Иманкалыкованын 100 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өттү

15-12-2023
17:15

Бүгүн, 15-декабрда Жогорку Кеңеште мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасынын орун басары, улуу окумуштуу Зууракан Иманкалыкованын 100 жылдык маарекесине арналган конференция өттү.

Конференцияга Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин өкүлдөрү, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, Зууракан Иманкалыкованын жакындары жана туугандары катышты.

Келгендерге тарыхый инсандын өмүр жолун чагылдырган фотокөргөзмө жана тасма тартууланды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Джамиля Исаева Зууракан Иманкалыкова өлкөнүн өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон Кыргызстандын көрүнүктүү айымдарынын бири экенин белгилеп, конференциянын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кайрылуусун окуп берди.

“Зууракан Иманкалыкова басып өткөн байсалдуу өмүр жолу аркылуу жалпы кыргыз журтуна өрнөк болуп келет. Анткени жаштайынан билимге умтулуп, саясий айдыңда болобу, коомдук иштерде болобу калк үчүн тынбай кызмат кылып, илим изилдөө жаатында да алгылыктуу иштерди алып барган. 16 жашында алгачкы ишмердүүлүгүн ары татаал, ары сыймыктуу мугалимдик кесиптен баштап, келечек ээлерине билим берген. 25 жашында Талды-Суу райкомунун биринчи катчысы болуп дайындалып, кийин Ысык-Көл облусунун жаштар коммунисттик союзунун биринчи катчысы болуп иштеген. Кыргыз ССР Жогорку Советине жана СССР Жогорку Советине депутат болуп шайланып, 1954-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин президиумунун төрагасынын орун басары кызматына барган”,-деди Джамиля Исаева.

Андан тышкары конференцияда Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кайрылуусун окуп берди.

Конференциянын катышуучулары да өз эскерүүлөрү менен бөлүшүп, Зууракан Иманкалыкова жөнүндө кеңири кеп кылышты.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү