Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутаттар Баткен облусунун тургундарына кенемте төлөп берүү боюнча маселелерди көтөрүштү

07-12-2023
11:13

Бүгүн, 7-декабрдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ар кандай маселелер” саатында депутаттар социалдык-экономикалык маселелерди  көтөрүштү.

Депутат Камила Талиева Лейлек районунун Интернационал айылынын жашоочуларынын кайрылуусун алып чыкты. “Айылда 1985-жылы курулган стадионду капиталдык оңдоодон өткөрүүнү жаштар суранышат. Ошондой эле,  2023-жылы аймактагы суу чарба ишканасында 23 кызматкер кыскартылып, эми кайрадан штаттык бирдик кошуу зарылчылыгы жаралды”,- деди депутат.  

Аны менен катар эл өкүлү 2022-жылы Баткен облусундагы чек ара окуяларында үйү тонолгон 200дөн ашык адамдын бир тобу азыркы күнгө чейин кенемте албай жатканына токтолду. “Турак жайлары, мал-мүлктөрү тонолгон жарандар комиссиянын жыйынтыгы менен биринчи этапта жардам алышты. Калгандарын жыл соңуна чейин кенемте менен камсыздоо максатка ылайыктуу болот”,- деди ал.

Ал эми депутат Чыңгыз Ажибаев өлкө аймагындагы базарларга шарт жаратуу маселесинин алкагында, Баткен облусунун Раззаков шаарындагы жана Кулунду айылындагы борбордук базарларды оңдоо жана көчүрүү маселесин көтөрдү. Депутат Алишер Козуев Кара-Суу районунун Сары-Колот айыл аймагындагы Н.Исанов атындагы 275 орундуу мектептин курулушу аяктаганы менен эмеректер үчүн каржылоо маселеси чечилбей жатканын айтты. Мындан тышкары, парламент депутаты пахта баасынын төмөндүгү боюнча маселеге көңүл буруп, ак буланын баасын көтөрүү багытында айыл чарба министрлигин аракет көрүүгө чакырды.

Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков  кыш айларында орчундуу маселеге айланган ыш маселесине кайрылып, бул багытта тиешелүү министрликтердин алып барып жаткан иштери тууралуу маалыматын угууну сунуштады. “Акыркы 2 жылдан бери биз бул көйгөйдү парламент трибунасында көтөрүп келе жатабыз. Экология, саламаттыкты сактоо тармактары ышты азайтуу жана токтотуу максатында эмне иштерди алып барып жатканы боюнча коомчулукка маалымат берип коюшсун”, - деди депутат.

Депутат Эмил Жамгырчиев Жумгал районунун Шортон айылында жашаган тургундардын таза сууга болгон муктаждыгы боюнча көйгөйдү көтөрдү. Эл өкүлү ошондой эле, Чаек айылында жакынкы жылдары колдонууга берилген мектептеги сапатсыз курулушу, окуу эмеректеринин жоктугу боюнча жагдайды белгиледи.   

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү