Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Айбек Осмонов Ош шаарындагы Ж.Атабаев атындагы №35 мектепке жардам көрсөттү

25-05-2021
17:03

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Айбек Осмонов 22-майда Ош шаарындагы Ж.Атабаев атындагы №35 мектептин мугалимдер жамаатын окуу жылынын ийгиликтүү аякташы жана акыркы коңгуроо майрамы менен куттуктап, мектеп директору Б.А.Чотуровага  жана мугалим Ж.Шамшиевге Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардактуу грамоталарын тапшырды.

Андан сырткары, Айбек Осмонов мектепке материалдык жардам катары эки интерактивдүү доска белек кылды жана жакын арада мектепти компьютердик класс менен камсыз кылып, мектептин алдындагы футболдук аянтчага төшөлмө алып берээрин убада кылды.

Ошондой эле, аталган мектептин 2001-жылкы бүтүрүүчүлөрү, анын ичинде депутат Айбек Осмонов дагы  Баткенде жабыр тарткан бир үй-бүлөгө үй куруп берүү чечимин кабыл алышты.