Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Мээрбек Мискенбаев: «Улуу Ата мекендик согушта курман болгон жердешибиз М.Өмүралиевдин сөөгү туугандарына тапшырылат»

16-06-2016
10:58

Жакында Улуу Ата мекендик согушта каармандык менен каза болгон мекендешибиздин сөөгү келет. Жердешибиз М.Өмүралиев согуш маалында гранатаны кармаган бойдон курман болгон. Анын сөөгү Москвага жакын жерге коюлган. Азыр аны кыргыз жергесине коюу милдети турат. Бул тууралуу депутат Мээрбек Мискенбаев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Улуу Ата мекендик согушта баатырдык менен курман болгон жердешибиз М.Өмүралиевдин сөөгү мурда коюлган жеринен Бишкеке шаарына алынып келинип, анын туугандарына тапшырылат. Мамлекеттик деӊгээлде өтө турган бул зыйнатка өкмөт менен парламент да жакындан жардам бериши керек», - деп эсептейт эл өкүлү.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы