Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу” долбоорун каржылоого Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан бөлүнгөн гранттык жана кредиттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышын контролдоо боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу

28-12-2022
15:06

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 
14-апрелиндеги № 189-VII токтомуна ылайык, “Бишкек шаарында катуу 
таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу” долбоорун каржылоого 
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан бөлүнгөн гранттык 
жана кредиттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышын контролдоо 
боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн.


Түзүлгөн кырдаалды ар тараптуу изилдөө максатында, 2022-жылдын 26-
апрелинде жана 30-ноябрында убактылуу депутаттык комиссиянын 
жыйындары өткөрүлгөн. Убактылуу депутаттык комиссиянын иш процессинде 
тиешелүү мамлекеттик органдарга суроо-талаптар жөнөтүлүп, алар иш 
тартибинде мамлекеттик органдардын аткаруучу адамдары менен бирдикте 
каралды. 


Убактылуу депутаттык комиссиянын 2022-жылдын 26-апрелиндеги 
жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлери боюнча 
“Элдик” депутаттык тобунан депутат Мирлан Самыйкожону Депутаттык 
комиссиянын жетекчилигине шайлоо жөнүндө чечим кабыл алынган.


Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 19-
майындагы № 552-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 
Жогорку Кеңешинин убактылуу комиссиясы жөнүндө жобого ылайык, 
кызыкдар мамлекеттик органдар тарабынан берилген ушул маселе боюнча 
маалыматты депутаттык комиссия изилдеп чыккан. Алардын ичинде Бишкек 
шаарынын мэриясы жана мэриянын ведомствого караштуу ишканалары менен 
мекемелери, Бишкек шаарынын прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын 
Эсептөө палатасы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги да бар.


Убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жүрүшүндө төмөнкүдөй 
документтер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынан алынган материалдар 
иликтөөгө алынды:


- 2013-жылдын 10-майындагы Кыргыз Республикасынын жана Европа 
реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Бишкек шаарында 
катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу” долбоорун каржылоо 
жөнүндө Кредиттик Макулдашуу;


- Кыргыз Республикасынын, Бишкек шаарынын мэриясынын, «Тазалык» 
муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү 
банкынын ортосунда 2013-жылдын 24-майында кол коюлган “Бишкек 
шаарында катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу” долбоору 
боюнча ЕРϴБдүн Уюштуруучуларынын Атайын Фондунун Инвестициялык 
грантын берүү жөнүндө Гранттык макулдашуу;


- 2015-жылдын 27-январында кол коюлган “Бишкек шаарында катуу 
таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу” долбоору үчүн Европа 
Союзунун Борбордук Азия боюнча Инвестициялык фондунун («EUIFCA») 
Инвестициялык гранты боюнча Кыргыз Республикасынын, Бишкек шаарынын 
мэриясынын жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын, «Бишкек 
санитардык полигону» муниципалдык ишканасынын жана Европа 
реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык 
макулдашуу;


- Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын “Бишкек 
шаарында катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу” долбоорунун 
каражаттарынын эсебинен полигонду рекультивациялоого бөлүнгөн 
каражаттарды пайдалануу боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматы;
- «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасынын 2015-
2018-жылдардагы иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө 
палатасынын аудити;


- «Тазалык» муниципалдык ишканасынын 2015-2018-жылдардагы
иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудити;
 - Бишкек шаарынын прокуратурасынын Европа реконструкциялоо жана 
өнүктүрүү банкынын “Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу 
тутумун жакшыртуу” долбоорун ишке ашыруу боюнча иликтөөсүнүн 
жыйынтыктары жөнүндө маалыматы;


- «Российская газета. RG.RU» маалыматтык агенттигинин расмий 
сайтына 2020-жылдын 18-мартында жарыяланган «Кыргызстан борборунун 
таштандылар полигону адамдардын коопсуздугуна коркунуч жаратууда» 
(«Мусорный полигон столицы Киргизии угрожает безопасности людей») аттуу 
макаласы;


- «VESTI.KG» маалыматтык агенттигинин расмий сайтына 2021-жылдын 
14-январында жарыяланган «Таштандыларды жок кылууга бөлүнгөн 22 млн. 
евродон 6,2 млн евро калган. Акчалар кайда жумшалган?» аттуу макаласы;


- «openDemocracy» маалыматтык агенттигинин расмий сайтына 2022-
жылдын 28-июнунда жарыяланган «Миллиондор таштандыга» («Миллионы в 
мусорку») аттуу макала;


- «Economist» маалыматтык агенттигинин расмий сайтына 2022-жылдын 
11-ноябрында жарыяланган «Эмне үчүн Бишкектеги таштандылар полигону 
дале болсо күйүп жатат жана аны жоюуга арналган акчаларды кайда 
жумшашкан («Почему мусорный полигон в Бишкеке все еще горит и куда 
потратили деньги на его ликвидацию?») аттуу макала.


Убактылуу депутаттык комиссия берилген маалыматты кароонун 
жыйынтыктары боюнча төмөнкүлөрдү аныктаган:


“Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу тутумун 
жакшыртуу” долбоору 2010-жылы Бишкек шаарынын мэриясы жана Европа
реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (мындан ары – ЕРϴБ) менен бирдикте 
демилгеленген.


2011-жылы октябрда ЕРϴБ тарабынан техникалык-экономикалык 
негиздемени даярдоого, изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана Бишкек шаарынын 
таштандыларын башкаруунун колдонуудагы тутумунун экологиялык, 
техникалык, экономикалык жана социалдык курамдарын талдап чыгууга 
548 миң евро бөлүнгөн.


2012-жылы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан берилген техникалык-экономикалык негиздемеге ылайык ЕРϴБ 22 млн. евро, анын ичинде: 11 млн. 
евро – кредит жана 11 млн. евро – грант бөлүп берген.


“Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу тутумун 
жакшыртуу” долбоорунун каржылануусун камсыз кылуу максатында 
төмөнкүдөй макулдашуулар түзүлгөн:


- Кыргыз Республикасы менен ЕРϴБ ортосундагы 2013-жылдын 10-
майында кол коюлган “Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу 
тутумун жакшыртуу” долбоорун 11 млн. евро суммасында каржылоо жөнүндө 
Кредиттик макулдашуу;


- Кыргыз Республикасынын, Бишкек шаарынын мэриясынын жана 
«Тазалык» муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана 
өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2013-жылдын 24-майында кол коюлган 
“Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу” 
долбоору боюнча ЕРӨБ уюштуруучуларынын атайын фондусунун 3 млн. евро 
суммасында Инвестициялык грант берүү жөнүндө Гранттык макулдашуусу;


- 2015-жылдын 27-январында кол коюлган “Бишкек шаарында катуу 
таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу” долбоору үчүн Европа 
Союзунун Борбордук Азия боюнча Инвестициялык фондунун 8 млн. евро 
суммасындагы Инвестициялык гранты боюнча Кыргыз Республикасынын, 
Бишкек шаарынын мэриясынын жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын, 
«Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасынын жана Европа
реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык 
макулдашуу.


“2013-жылдын 10-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз 
Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын 
ортосундагы “Бишкек шаарында катуу калдыктарды башкаруу тутумун 
жакшыртуу” долбоорун каржылоо жөнүндө Кредиттик макулдашууну; 2013-
жылдын 24-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы 
жана Бишкек шаарынын мэриясы жана “Тазалык” муниципалдык ишканасы 
менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы 
“Бишкек шаарында катуу калдыктарды башкаруу тутумун жакшыртуу”
долбоору боюнча ЕРӨБ уюштуруучуларынын атайын фондусунан 
Инвестициялык грант берүү жөнүндө Гранттык макулдашууну; 2015-жылдын 
27-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы жана 
Бишкек шаарынын мэриясы жана “Тазалык” муниципалдык ишканасы, 
“Бишкек санитардык полигону” муниципалдык ишканасы менен Европа 
реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Бишкек шаарында 
катуу тиричилик калдыктарын башкаруу тутумун жакшыртуу” долбоору үчүн 
Европа Союзунун Борбордук Азия боюнча Инвестициялык фондунун 
(“EUIFCA”) инвестициялык гранты боюнча Гранттык макулдашууну 
ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2015-
жылдын 17-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 
тарабынан ратификацияланган жана 2015-жылдын 6-июлунда Кыргыз 
Республикасынын Президенти кол койгон.


Кредиттик макулдашуунун шарттарына ылайык:
- кредиттин суммасы эки траншка – 3 млн. еврого жана 8 млн. еврого 
бөлүштүрүү менен, жалпысынан 11 млн. еврону түзөт;


- кредиттин мөөнөтү, кредиттик макулдашууга кол коюлган датадан 
тартып, 3 жылга жеңилдик мезгили менен бирге 15 жыл;


- кредит ачуу үчүн 1%дык бир жолку комиссия алуу караштырылган;


- өздөштүрүлбөгөн сумма үчүн пайыздар – 0,5 %, алар 3 млн. евро 
суммасындагы кредиттик макулдашууга кол коюлган датадан тартып 60 күндөн 
кийин жана 8 млн. евро суммасындагы экинчи траншка жеткиликтүү болгон 
датадан тартып 60 күндөн кийин кошулуп эсептелет. Ошол эле учурда, 
кредиттик макулдашуунун шарттарына ылайык, пайдаланылуучу минималдуу 
сумма 100 миң еврону түзүүгө тийиш.


Кредиттик макулдашуунун № 1 тиркемесине ылайык, Долбоор 2 
бөлүктөн турат: «А» бөлүгү – калдыктарды жыйноо боюнча муниципалдык 
ишкана үчүн жана «Б» бөлүгү – таштандылар полигонун башкаруу боюнча 
боюнча муниципалдык ишкана үчүн. «Б» бөлүгүн ишке ашыруу үчүн 8 млн. 
евро суммасындагы 2-транш каралган.


“Бишкек шаарында катуу калдыктарды башкаруу тутумун жакшыртуу”
долбоору боюнча компоненттерди аткаруу:


1. BSWM-1 «Катуу калдыктарды жыйноо үчүн контейнерлерге 
ылайыктуу аянтчаларды реконструкциялоо»


«Катуу калдыктарды жыйноо үчүн контейнерлерге ылайыктуу 
аянтчаларды реконструкциялоо» компоненти боюнча тапшырыкчы Бишкек 
шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы менен 
подрядчы - «Алима жана компания» ЖЧКсы жана «Мича» ЖЧКсынын 
ортосунда 2016-жылдын 8-февралында BSWM-1 контрактысына кол коюлган.
Контракттын наркы 1,7 млн. еврону түзгөн. Контракка ылайык –
колдонуудагы 600 контейнердик аянтчаны реабилитациялоо жана жаңы 839 
контейнердик аянтча куруу караштырылган.


2018-жылдын 30-апрелине карата подрядчы «Алима жана компания» 
ЖЧКсы тарабынан 1,1 млн. еврого саны 958 бирдиктен турган контейнердик 
аянтча тапшырылып берилген. Бирок, подрядчы тарабынан контрактты 
аяктоо мөөнөтү бир нече ирет бузулгандыгына байланыштуу, Бишкек 
шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы 
контрактты узартуудан баш тарткан.


Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жүргүзгөн аудитинин 
жыйынтыктары боюнча, BSWM-1 «Катуу калдыктарды жыйноо үчүн 
контейнерлерге ылайыктуу аянтчаларды реконструкциялоо» контрактысына 
ылайык аткарылган иштердин актылары боюнча 2 миң 819,59 евро 
өлчөмүндөгү жумуштун наркы жогорулатылып коюлгандыгы 
аныкталган. Бюджеттин жоготуулары 3, 3 млн. сомду түзгөн.


2. BSWM-2 «Катуу калдыктарды жыйноо үчүн контейнерлерди 
коюу»


«Катуу калдыктарды жыйноо үчүн контейнерлерди коюу» компоненти 
боюнча 2015-жылы 26-августта тапшырыкчы - Бишкек шаарынын мэриясынын 
Муниципалдык менчик башкармалыгы менен подрядчы - «Азияавтоцентр» 
ЖЧК консорциуму жана «РГ Техно» ЖЧКсынын ортосунда BSWM-2 
контрактысына кол коюлган. Контракттын суммасы - 1,5 млн. евро. Контракт 
боюнча 5326 даана евроконтейнер, 300 даана пластик идиштер ж.б. коюлган. 
Берүүчү контракт боюнча милдеттенмелерди толук көлөмдө аткарган. 


3. BSWM-3 «Катуу калдыктарды жыйноо үчүн транспорт 
каражаттарын сатып алуу»


«Катуу калдыктарды жыйноо үчүн транспорт каражаттарын сатып алуу»
компоненти боюнча 2016-жылы 20-январда тапшырыкчы - Бишкек шаарынын 
мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы менен подрядчы – «Рост 
Трейд», «Маз Центр Казахстан», «Астана Маз Центр» ТОО Консорциуму жана 
«Мценский завод коммунального машиностроения» ААКынын ортосунда 
BSWM-3 контрактысына кол коюлган.


«Рост Трейд», «Маз Центр Казахстан», «Астана Маз Центр» ТОО 
Консорциуму менен комбинациялуу үч машина алып келүү боюнча 195 миң 48 
еврого контракт түзүлгөн.


«Мценский завод коммунального машиностроения» ААКы менен үч
октуу таштанды ташуучу 28 бирдик жана алмаштырылуучу контейнерлер 
менен иштөөчү 1 автомобиль алып келүү боюнча 1 млн. 471 миң еврого 
контракт түзүлгөн.


BSWM-3 контрактысы боюнча үч лот боюнча атайын техникаларды 
алып келүү ийгиликтүү аяктаган.
Техниканы «Тазалык» муниципалдык 
ишканасы пайдаланууда.


4. BSWM-3а «Полигон үчүн атайын техника алып келүү»


«Полигон үчүн атайын техника алып келүү» компоненти боюнча 2016-
жылы 10-ноябрда тапшырыкчы – «Бишкек санитардык полигону»
муниципалдык ишканасы менен подрядчы «Стройдормашсервис» ЖЧКнын 
ортосунда 163 миң 446 еврого жана «ТАNА» (ТАНА) консорциуму менен 399 
миң 399 еврого BSWM-3а контрактысына кол коюлган.


Контрактыга ылайык, бульдозер, экскаватор жана таштанды таптоочу 
техника алып келип берүү каралган.Алып келүү өз мөөнөтүндө жүргүзүлгөн 
жана алар 2017-жылы 19 майда кабыл алуу- өткөрүп берүү актысы боюнча 
кабыл алынган.


5. BSWM-5 «Жаңы санитардык полигонду долбоорлоо жана куруу»


«Жаңы санитардык полигонду долбоорлоо жана куруу» компоненти 
боюнча 2017-жылдын 28-мартында тапшырыкчы - Бишкек санитардык 
полигону» муниципалдык ишканасы менен подрядчы «Ehitusfirma Rand Ja
Tuulberg AS» (Эстония) ортосунда BSWM-5 контрактысына кол коюлган. 


Контрактыга ылайык, FIDICтин (ФИДИК) шартында жаңы санитардык 
полигонду долбоорлоо жана куруу каралган.


Контракттын наркы - 7,5 млн. евро – жаңы таштанды жайын уяча түрүндө 
жерге тереңдетүү менен долбоорлоо жана куруу үчүн. Подрядчы тарабынан 
контракт боюнча иштер белгиленген мөөнөттө аткарылган эмес.


Эскертүү: FIDIC - Инженер-консультанттардын эл аралык федерациясы
инженер-консультанттардын улуттук ассоциацияларынын өкүлчүлүктүү
органы болуп саналат жана дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүндө миллиондон 
ашуун инженер адистердин жана 40 миңден ашуун фирмалардын өкүлү болуп 
саналат.


FIDIC контракттарды стандартташтырат, алар болсо адатта дүйнөлүк 
курулуш жана инжиниринг тармактарында, биринчи кезекте, чоң нарктагы
жана көптөгөн ар тараптуу өнүктүрүү банктары тарабынан 
санкциялаштырылган эл аралык курулуш долбоорлору үчүн пайдаланылат.


6. BSWM-6 «Колдонуудагы катуу тиричилик таштанды жайын жабуу 
жана рекультивациялоо»


«Колдонуудагы катуу тиричилик таштанды жайын жабуу жана 
рекультивациялоо» компоненти боюнча 2017-жылдын 20-июнунда 
тапшырыкчы – “Бишкек санитардык полигону” муниципалдык ишканасы 
менен подрядчы «Ehitusfirma Rand Ja Tuulberg AS» (Эстония) ортосунда 
BSWM-6 контрактысына кол коюлган. 


Контрактыга ылайык, FIDICтин (ФИДИК) «Сары китебинин» шартында 
тиричилик таштандыларынын жайын жабуу жана рекультивациялоо» 
долбоорлоо караштырылган.


Эски полигонду рекультивациялоо, полигондун кыртышын түшүмдүү 
катмар менен жабуу боюнча иш-чараларды, уудан арылтуу боюнча түтүктөрдү 
орнотуу жана аймакты жашыл жайга айландыруу боюнча иш-чараларды 
караштырган.


Контракт боюнча иштер подрядчы тарабынан белгиленген мөөнөттө 
аткарылган эмес.
2019-жылдын 4-июнунда контрактыга иштерди 2021-
жылдын 1-июлуна чейин аяктоо мөөнөтүн өзгөртүү бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү 
киргизүү жөнүндө макулдашууга кол коюлган, бул иштерди ар кандай себептер 
боюнча (контракттын суммасын көбөйтүү, иш жүзүндөгү таштанды жайдын 
аянтын 3,8 гектарга көбөйтүү ж.б. себептер боюнча) мезгил-мезгили менен 
токтотууларга байланыштуу. 


2020-жылдын апрелинде подрядчы – «Ehitusfirma Rand Ja Tuulberg AS» 
(Эстония) иштин жалпы көлөмүнүн болгону 34%ын аткаруу менен полигондо 
иштөөнү толук токтоткон.


2021-жылдын 26-сентябрында «Ehitusfirma Rand Ja Tuulberg AS» 
(Эстония) менен контракт бузулган.


Кыргыз тарап жаңы полигон куруу үчүн жерди өз убагында бербегендиги 
үчүн «Ehitusfirma Rand Ja Tuulberg AS» (Эстония) компаниясы Кыргыз 
Республикасына каршы 321 миң еврого доо койгон.


«Ehitusfirma Rand Ja Tuulberg AS» (Эстония) компаниясы экинчи жолу өз
убагында төлөбөгөндүгү жана чечимдерге кол коюуну создуктурганы үчүн 
427 миң евро алган, үчүнчү жолкусунда пандемия учурундагы чыгымдарга 
байланыштуу 247 миң евро суммасындагы доо канааттандырылды.


Ошентип, беш жылдын ичинде «Ehitusfirma Rand Ja Tuulberg AS» 
(Эстония) компаниясы эч нерсе жасабастан дээрлик 906 миң евро тапкан. 

Жыйынтыгында, үч жыл ичинде компания долбоорлордун бирин да ишке 
ашырбастан, Кыргыз Республикасынын атынан ошол кездеги курс 
боюнча 72 млн. сомдон ашык каражат алган. Бул каражаттар 
таштандыларды иштетүү боюнча долбоорго арналган 22 млн. евронун 
эсебинен бөлүнгөн.


Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Бишкек шаардык 
прокуратурасы “Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу тутумун 
жакшыртуу” долбоорун каржылоого бөлүнгөн гранттык жана кредиттик 
каражаттарды пайдаланууда Бишкек шаарынын мэриясынын кызмат 
адамдарынын материалдык чыгымдары жөнүндө тиешелүү текшерүүлөрдүн 
жыйынтыктары боюнча, жалпы жонунан, 5 кылмыш иши козгогон. 


Кылмыш иштери Бишкек шаарынын мэриясынын төмөнкү кызмат 
адамдарына жана коммерциялык уюмдардын кызматкерлерине карата 
козголгон:


- А.Ибраимовго – Бишкек шаарынын мурдагы мэри, кызмат абалынан
кыянат пайдаланган жана коррупция фактысы боюнча, издөө жарыяланган;


- Л.М. Гинятуллинага – Бишкек шаардык мэриясына караштуу «Бишкек 
санитардык полигону» муниципалдык ишканасынын мурдагы жетекчиси, 
кызмат абалынан кыянат пайдаланган жана коррупция фактысы боюнча, издөө 
жарыяланган;


- Б.Асаналиевге – Бишкек шаардык мэриясына караштуу «Бишкек 
санитардык полигону» муниципалдык ишканасынын мурдагы жетекчиси, 
кызмат абалынан кыянат пайдаланган фактысы боюнча, мунун натыйжасында 
мамлекетке өзгөчө ири материалдык зыян келтирилген, кылмыш иши аяктаган 
жана Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун кароосуна жөнөтүлгөн;


- В.Р. Ибраимовго – «Алима жана компания» ЖЧКсынын генералдык
директору, коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарды кыянат 
пайдаланган фактысы жана мамлекетке материалдык зыян келтиргендиги 
боюнча.


Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан “Бишкек 
шаарында катуу тиричилик калдыктарын башкаруу тутумун жакшыртуу”
долбоорун каржылоого бөлүнгөн гранттык жана кредиттик каражаттардын 
пайдаланылуусу боюнча бардык материалдарды карап жана текшерип чыгып, 
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык 
комиссиясы төмөнкүлөрдү белгилейт:


- «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасынын мурдагы 
жетекчилиги (Асаналиев Б.) чет өлкөлүк подрядчылардын жаңы полигондун 
курулушу үчүн 1 млн. 892,4 миң евро алуусуна табыштаманы негизсиз бербей 
койгон. Натыйжада чет өлкөлүк компания «Бишкек санитардык полигону» 
муниципалдык ишканасына 427,6 миң 540 еврого айып койгон;


- мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдар бузулган. Алсак, 
компактор (мусор таптоочу техника) сатып алуу үчүн тендер учурунда 
техникалык талаптарды түзүүдө талаптар негизсиз жумшартылган. Алсак, 
коюлган техникалык шарттар боюнча, компакторду “ТАNА” фирмасы гана 
алып келип бере алмак. Мындан тышкары – сегиз позиция боюнча түйүндөрдү, 
агрегаттарды жана компактордун тетиктерин иштетүүнүн кепилдик мөөнөтү 
3-10 жылдан 12 айга чейин өзгөртүлгөн;


- «Тазалык» муниципалдык ишканасы «Бишкек санитардык полигону» 
муниципалдык ишканасы менен бирдикте «Айыл Банк» ААКтын валюталык 
эсебинде топтолгон акча каражаттарын еврого мыйзамсыз конвертациялашкан. 
Ушундан кийин кредитти жоюу еврону сомго конвертациялоо жолу менен 
жүргүзүлүп, бул жыйынтыгында долбоорду ишке ашырууда 547,5 миң сом 
чыгымга алып келген;


- «Тазалык» муниципалдык ишканасы «Бишкек санитардык полигону» 
муниципалдык ишканасы менен бирдикте «Бишкек санитардык полигону» 
муниципалдык ишканасынын таштандыларын иштетүү үчүн акча 
каражаттарын чегерүүнүн пайыздык коюмун мыйзамсыз төмөндөтүшкөн 
(20%дан 8%га чейин). Ушуну менен катар, «Тазалык» муниципалдык 
ишканасы ЕРӨБдин кредитинин алкагына кирбеген 70,6 млн. сомду мыйзамсыз 
которгон;


- кредиттик жана субкредиттик макулдашуулардын шарттарына ылайык 
(Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Бишкек шаарынын 
мэриясынын ортосундагы; Бишкек шаарынын мэриясы менен «Бишкек 
санитардык полигону» муниципалдык ишканасынын ортосунда), «Бишкек 
санитардык полигону» муниципалдык ишканасы Долбоордун “Б” бөлүгүн 
ишке ашыруу башталганга чейин эле 12,8 млн.сом суммасындагы 
чыгымдарды моюндаган, анын ичинде:


- кредиттерди өздөштүрбөгөндүгү үчүн пайыздарды төлөө боюнча;


- негизги карыздын суммасын төлөө боюнча (3 жылдык жеңилдик 
берилген мезгилдин өткөндүгүнө байланыштуу каражаттардын 
жеткиликтүүлүк шарттары иштей баштаган учурга чейин);


- жылдык Euribor +2% өлчөмүндөгү өздөштүрүү үчүн пайыздарды, буга 
кошуп 1% өлчөмүндөгү кайра каржылоо коюмун төлөө боюнча.
Ошентип, «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасы
кредиттерди өздөштүрбөгөндүгү үчүн чыгаша тарткан, бул өз кезегинде 
Бишкек шаарынын мэриясы тараптан да, Кыргыз Республикасынын 
Финансы министрлиги тарабынан да тиешелүү контролдун жоктугун 
айтып турат.


- 2013-жылдын май айында Кыргыз Республикасы менен Европа
реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда “Бишкек шаарында 
катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу” долбоорун каржылоо 
жөнүндө кредиттик макулдашууга кол коюлган. Долбоорду ишке ашыруу 
мөөнөттөрү үзгүлтүккө учурагандыгына байланыштуу, пайдаланылбаган 
каражат үчүн ЕРӨБ тарабынан 102 миң евро суммасында комиссия кошуп 
эсептелген.
Материалдар Бишкек шаарынын прокуратурасына өткөрүп 
берилген. 


- долбоорго бөлүнгөн каражаттар өз убагында пайдаланылбагандыгы 
үчүн Бишкек шаарынын мэриясы айып пул төлөөдө. 2020-жылдын 
башталышына карата айып пулдун өлчөмү 170 миң еврону түзгөн.


Жогоруда баяндалгандардын негизинде, убактылуу депутаттык
комиссия төмөнкүдөй корутундуга келүүдө:


- Бишкек шаарынын мэриясынын кызмат адамдары мамлекеттин 
укуктарын жана кызыкчылыктарын бузуп, “Бишкек шаарында катуу 
таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу” долбоорун ишке ашырууну 
үзгүлтүккө учуратуу коркунучун жаратышкан;


- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан “Бишкек 
шаарында катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу” долбоорун 
ишке ашырууда кредиттик жана гранттык каражаттарды пайдалануу жаатында 
эч кандай контролдук болгон эмес;


- кылмыш иштерин кароо создуктурулууда: Кыргыз Республикасынын 
Башкы прокуратурасы козголгон 5 кылмыш ишинин бирөөнү гана аяктап, ишти 
сотко өткөрүп берген;


- учурда колдонуудагы полигон жаратылыш-коргоо мыйзамдарына 
ылайык келбейт: «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» Кыргыз 
Республикасынын Мыйзамынын 16-17 жана 23-беренелери, «Кыргыз 
Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы 
техникалык регламент» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-, 17-
беренелери, «Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө» Кыргыз 
Республикасынын Мыйзамынын 6-, 8-статьялары, «Атмосфералык абаны 
коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча, атап айтканда –
газ бөлүштүрүү жана инфильтрат тутуму жок, тиричилик калдыктары, өндүрүш 
калдыктары жана башка калдыктар бир жерде сакталат, анын айланасы
курчалган эмес;


- колдонуудагы полигондун чегинен 3,8 гектарга чыгып кеткен 
таштандылардын катмары аныкталды. Ушуга байланыштуу, долбоорго ылайык 
ачыкталган 44,6 гектар өлчөмүндөгү таштандылар жайынын бүткүл аймагында 
рекультивациялык иштерди жүргүзүү зарыл. Бул үчүн, өз кезегинде, 
санитардык полигонду долбоорлоо үчүн кошумча жер участогуна укук 
ырастоочу документтер керек.


Натыйжада, убактылуу депутаттык комиссия төмөнкүдөй тыянакка 
келет:


- айып санкцияларын жокко чыгаруу максатында Макулдашуунун 
шарттарын кайра карап чыгуу бөлүгүндө Европа реконструкциялоо жана 
өнүктүрүү банкынын кредитин пайдалануу маселесин жөнгө салуу боюнча 
зарыл иш-чаралар тезинен өткөрүлсүн. Макулдашуунун шарттарын кайра 
карап чыгуу мүмкүн болбогон учурда – мурда кол коюлган Макулдашууну 
жокко чыгаруу демилгеленсин. Макулдашууну жокко чыгарууга байланышкан 
чыгымдар республикалык бюджеттин эсебинен каралсын;


- таштандылар полигонуна экологиялык экспертиза жүргүзүлсүн жана 
коомчулук үчүн маалымат жеткиликтүү болгон шартта таштандылар 
полигонундагы экологиялык кырдаалга баа берүү боюнча туруктуу негизде 
мониторинг камсыз кылынсын;


- таштандыларды ташуу жана кайра иштетүү боюнча муниципалдык 
ишканалардын жоопкерчилиги күчөтүлсүн жана полигондо өндүрүштүк 
коопсуздук камсыз кылынсын;


- Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын “Бишкек 
шаарында катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу” долбоорун
ишке ашырууда Бишкек шаарынын мэриясынын жана муниципалдык 
ишканалардын кызматкерлери жол берген мыйзам бузуу фактылары боюнча 
иликтөөлөрдүн жүрүшүнө туруктуу мониторинг жүргүзүү камсыз кылынсын;


- таштандылар полигонунун жанында орун алган (басып алынган) 
«Алтын Казык» конушунун жашоочулары менен байланыштуу маселелер 
тезинен чечилсин жана булганыч райондо жашаган үй-бүлөлөргө социалдык 
жардам көрсөтүү маселеси каралсын.


Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан 
“Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу тутумун 
жакшыртуу” долбоорун каржылоого бөлүнгөн гранттык жана кредиттик 
каражаттардын пайдаланылышы боюнча убактылуу депутаттык 
комиссиянын сунуш-пикирлери:


1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Бишкек шаарынын 
мэриясы (макулдашуу боюнча) менен бирдикте:


- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык укук 
ченемдерине ылайык, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы
тарабынан “Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу тутумун 
жакшыртуу” долбоорун каржылоого бөлүнгөн кредитти пайдаланууда коюлган 
айып санкцияларын жокко чыгаруу маселесин чечсин;


- Макулдашуунун шарттарын кайра карап чыгуу мүмкүн болбогон учурда 
– мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасы менен Европа 
реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Бишкек шаарында 
катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу” долбоорун каржылоо 
жөнүндө Кредиттик макулдашууну жокко чыгарууну демилгелесин. 
Макулдашууну жокко чыгарууга байланышкан чыгымдар мамлекеттик 
бюджеттин эсебинен каралсын. 


2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:


- Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын “Бишкек шаарында 
катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу” долбоорун ишке 
ашырууда жол берген мыйзам бузуу фактылары боюнча Бишкек шаарынын 
мэриясынын кызматкерлерине карата Кыргыз Республикасынын 
мыйзамдарынын алкагында тиешелүү чараларды көрсүн;


- аталган кылмыш иштерине прокурордук көзөмөлдү күчөтсүн жана 
иликтөөнүн жүрүшүндө кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча чараларды 
көрсүн;


- кылмыш иштерин иликтөө мөөнөттөрүн создуктурган жана мыйзам 
талаптарын одоно бузган прокуратура жана укук коргоо органдарынын кызмат 
адамдарынын иш-аракеттерине баа берсин;


- аталган долбоорду ишке ашырууда кызмат адамдары тарабынан 
келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн чечкиндүү чараларды көрсүн жана 
иликтөөнүн жыйынтыктары жана көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматты 
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине иликтөө аяктаганга чейин ар бир 
үч айда берип турсун.


3. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана 
техникалык көзөмөл министрлиги:


- Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын «Бишкек 
шаарында катуу калдыктарды башкаруу тутумун жакшыртуу» долбоорун ишке 
ашырууда мурда түзүлгөн макулдашууларды (келишимдерди, контракттарды 
ж.б.) экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга 
шайкештиги жагынан текшерүүнү жүргүзсүн;


- экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу маселеси боюнча эксперттик 
корутундуну жана укуктук баа берүү үчүн тиешелүү материалдарды укук 
коргоо органдарына жөнөтсүн.


4. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы:


- Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын «Бишкек 
шаарында катуу калдыктарды башкаруу тутумун жакшыртуу» долбоорун андан 
ары ишке ашыруунун натыйжалуулугунун аудитин жүргүзсүн;


- долбоорду андан ары ишке ашыруунун натыйжалуулугунун аудитинин 
корутундусун укуктук баа берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер 
Кабинетине жана укук коргоо органдарына жөнөтсүн.


Ошону менен бирге, убактылуу депутаттык комиссия, Дүйнөлүк 
саламаттык сактоо уюмунун маалыматтары боюнча, абанын булганышынын 
деңгээли өнөкөт жана курч респиратордук оорулардын, ошондой эле дем алуу 
органдарынын онкологиялык ооруларынын санына түздөн-түз таасир эте 
тургандыгына көңүл бурат. Абанын булганышы кыска мөөнөттүү, ошондой эле 
узак мөөнөттүү келечекте калктын жүрөк-кан тамыр системасынын абалынын 
көрсөткүчтөрү начарлашына тикелей таасир этет.


Алсак, статистиканын маалыматтары боюнча, Бишкек шаарында соңку 
он жылда дем алуу жолдорунун оорусуна чалдыгышынын көрсөткүчтөрү өсүп 
жатат, 2020-жылы оорулардын алда канча көп саны дем алуу органдарына 
туура келген (36%дан ашык), жүрөк оорусунан күн сайын 50 кыргызстандык 
дүйнө менен коштошуп жатат.


Бүгүнкү күндө да Бишкек шаарында абанын булганышынын көйгөйү –
бул улуттук коопсуздукка коркунуч деп ишенимдүүлүк менен айтууга болот.


Түзүлгөн кырдаалды – «Бишкек шаарында катуу калдыктарды башкаруу 
тутумун жакшыртуу» долбоорун ишке ашырууда жол берилген бузуулардын 
фактылары боюнча кылмыш-жаза иштерин кароо жагынан мамлекеттик 
органдар тарабынан контролдун жоктугун жана тиешелүү чараларды көрүү 
создугуп жаткандыгын эске алып, убактылуу депутаттык комиссия 
мамлекеттик органдардын, прокуратура органдарынын жана укук коргоо 
органдарынын ишине контролдук кылуу үчүн материалдарды Кыргыз 
Республикасынын Коопсуздук кеңешине жөнөтүүнү зарыл деп эсептейт.

 


Убактылуу депутаттык комиссиянын мүчөлөрү:
Самыйкожо М.
Мамасадыков З.Д.
Айдарова А.А.
Алимжанов Ф.А.
Бакасов У.Б.
Джусупов Э.Р.
Сурабалдиева Э.Ж.
Тентишев Б.Э.