Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Шакиев Нурланбек Тургунбекович

Шакиев Нурланбек Тургунбекович
Шакиев Нурланбек Тургунбекович
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

1977-жылдын 13-майында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылында туулган. 
Билими жогорку. К.И. Скрябин атындагы Кыргыз агрардык академиясынын экономика жана агробизнес факультетин бүтүргөн.

Шакиев Нурланбек Тургунбекович эмгек жолун 1996-жылы «Обон» гезитинин башкы редакторунун орун басары, башкы редактор кызматынан баштаган.

1997-1999-жылдары «Учкун» гезитинин башкы редактору;

1999-2004-жылдары «Эркин-Тоо» гезитинин башкы редакторунун биринчи орун басары;

2004-жылы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз катчысы;

2005-2006-жылдары «Эркин-Тоо» гезитинин башкы редактору;

2006-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз катчысы;

2009-2010-жылдары «ЭлТР» коомдук телерадиокомпаниясынын башкы директору;

2010-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министри;

2012-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ата-Журт» фракциясынын лидеринин кеңешчиси;

2017-2021-жылдары «2 канал» (New TV) ЖЧКнын негиздөөчүсү, башкы директору;

2021-жылы № 17 Аксы шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

2022-жылдын 29-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик  фракциясынын лидери болуп шайланган;

2022-жылдын 5-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы болуп шайланган;

Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, КМШнын Аткаруу комитетинин Ардак грамотасы, ШКУнун юбилейлик медалы жана башка бир катар ведомстволук медалдар менен сыйланган;

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ардактуу профессору;

К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Ардактуу профессору.

 

 

 

Басуу