Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Тилектеш Бегалиев КР Судьяларын тандоо боюнча кеңештин мүчөлүгүнө жактырылды

15-06-2016
18:12

Бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин курамына жаңы мүчөнү бекитүү жөнүндө (Т.И.Бегалиев жөнүндө) маселе каралды.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрайымы Галина Скрипкина Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин курамына Тилектеш Бегаливдин талапкерлиги сунушталгандыгын маалымдады.

Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин курамына Тилектеш Бегаливдин талапкерлигин жактыруу тууралуу Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы