Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Үркүндүн 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын 25 жылдыгына байланыштуу мунапыс жарыялоо демилгеси көтөрүлдү

15-06-2016
18:07

Жогорку Кеӊеште «1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын 25 жылдыгына байланыштуу мунапыс тууралуу» мыйзам долбоорунун концепциясы каралды.

Алдынала маалыматтарга караганда, бул мыйзам кабыл алынып калса, 3374 адамга мунапыс жарыяланат, анын ичинде 11 эрезеге жетелек бала, 10 майып бар. 1267 адам – анчалык оор эмес кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондор, 1862 адам – биринчи жолу анчылык оор эмес кылмыш жасагандар. Ал эми оор жана өзгөчө оор кылмыш жасаган адамдарга карата мунапыс колдонулбайт.

Талкуу жүрүшүндө мыйзам долбоорунун ченемдерин дагы бир ирет кылдат карап чыгып, экинчи окуу жүрүшүндө тиешелүү оӊдоолорду киргизүү зарылдыгы белгиленди.

Жыйынтыгында депутаттардын сунуштары эске алынуу менен, «1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын 25 жылдыгына байланыштуу мунапыс тууралуу» мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, Кыргызстан эгемендик алгандан берки 25 жыл аралыгында 19 мунапыс кабыл алынган.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы