Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2016-жылдын 15-июнунда добуш берилген мыйзам долбоорлору

15-06-2016
17:10

Бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору 1,2,3-окууда кабыл алынды.

КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМДАР:

- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору(“Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Мыйзамга, Үй-бүлө кодексине) (демилгечи – Өкмөт, 20.07.15теги № 509 токтом);

- “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 19.01.16дагы № 19 токтом);

- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү (Граждандык кодекске, “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Мыйзамга) жана “Фирмалык аталыштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 08.10.15теги № 690 токтом);

- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Матраимов И.И., Жылкыбаев У.К., Молдобекова Г.С.);

- “Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Бекешев Д.Д., Турсунбеков Ч.А., Скрипкина Г.А., Аманкулов М.А., Салянова А.Ж., Никитенко Н.В., Джакупова Ч.И., Шыкмаматов А.Н.);

- “Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Скрипкина Г.А.);

2-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:

- “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи - Өкмөт, 25.03.16дагы № 147 токтом);

- “Медиация жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Скрипкина Г.А., Джакупова Ч.И., Кодуранова А.С.);

- “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Скрипкина Г.А.);

- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 06.05.16дагы № 230 токтом);

- “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 18.11.15теги № 782 токтом);

1-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:

- “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Байбакпаев Э.Ж., Рыспаев К.Ж., Тулендыбаев П.Р., Сабиров М.Э.);

- “Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору(демилгечи – депутат Скрипкина Г.А.);

- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору(“Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечилер – депутаттар Мусабекова Ж.А., Акаев Ж.К.);

- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору(“Электр жана почта байланышы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечилер – депутаттар Өмүркулов И.Ш., Никитенко Н.В., Бекешев Д.Д.);

- “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Салянова А.Ж., Никитенко Н.В., Мамашова А.Т.);

- “Сот сакчылары жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Скрипкина Г.А., Кодуранова А.С., Масалиев И.А., Сабиров М.Э., Шайназаров Т.У., Пирматов И.А.);

- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору(“Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө”, “Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечилер – депутаттар Скрипкина Г.А., Кодуранова А.С., Масалиев И.А., Сабиров М.Э., Шайназаров Т.У., Пирматов И.А.);

- “Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Кодуранова А.С., Масалиев И.А., Сабиров М.Э., Шайназаров Т.У., Пирматов И.А., Скрипкина Г.А.);

- “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Кодуранова А.С., Масалиев И.А., Сабиров М.Э., Шайназаров Т.У., Пирматов И.А., Скрипкина Г.А.);

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы