Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Венгрия Президенти Янош Адер менен жолугушту

11-06-2016
16:59

Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Венгрияга болгон атайын иш сапарынын алкагында 10-июнда  Венгриянын Президенти Янош Адер менен жолугушту

Жолугушууда тараптар Кыргызстан жана Венгриянын ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүү багытында пикир алышышты.

Төрага Чыныбай Турсунбеков эки тараптуу достук мамилелерди мындан ары да тереңдетүү жана Парламенттер аралык кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүүгө кызыктар экендигин билдирди.

Чыныбай Турсунбеков эки өлкө ортосунда кызматташуу жакшы жолго коюлгандыгына жана  соода-экономикалык тармагы потенциалдуу экендигине карабастан аталган тармак жай өнүгүп жаткандыгына токтолду. “Кыргызстан Венгрия менен экономикалык тармак боюнча кызматташууга, инвесторлорду тартууга жана аларга максималдуу түрдө ар тараптуу шарттарды түзүп берүүгө кызыктар. Кыргызстанда кичи ГЭСтерди куруу, кайра иштетүү өнөр-жайы, Тоо-кен жана башка өндүрүш тармактары боюнча абдан потенциалдуу өлкө” деди.

Ч.Турсунбеков соода-экономикалык кызматташууну жакшыртуу максатында маданий-гуманитардык, илимий-техникалык жана соода-экономикалык багыттар боюнча Кыргызстан-Венгрия ортосунда Парламенттер аралык комиссия түзүүнү сунуштап, аталган тармактар боюнча Кыргызстан тарап жигердүү иш алып барууга даяр экендигине токтолду.

Венгрия Президенти Янош Адер соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана илимий-техникалык багытта эки тараптуу кызматташууну күчөтүүнү колдоорун айтып, Венгрия Кыргызстандын демократиялык мамлекет болуп түптөлүп жатышын кубаттай тургандыгын билдирди.

 Эске салсак, Төрага Чыныбай Турсунбеков башында турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы  Венгриянын Улуттук Жыйынынын Төрагасынын чакыруусу боюнча Венгрияга расмий иш сапары менен барды.

Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында депутаттар Аскарбек Шадиев ("Бир Бол” фракциясы), Руслан Казакбаев ("Республика — Ата Журт" фракциясы), Каныбек Иманалиев (“Ата Мекен” фракциясы), Тынчтык Шайназаров (“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы), Искендер Матраимов (КСДП фракциясы) жана Алмазбек Баатырбеков ("Кыргызстан" фракциясы) бар.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы