Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2021-жылдын 28-июлунда Жогорку Кеңештин жыйыны өтөт

28-07-2021
10:00

28-июль саат 10:00дө парламент имаратынын Жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйыны өтөт.

Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. “Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Нурбаев А.М., Пирматов И.А., Акаев Ж.К., Жеенчороев М.К., Сулайманов А.Т., Орозова К.Б., Садиков У.Ч., Осмонов А.Ж.) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет);

2. “2021-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет);

3. “1973-жылдын 18-майындагы Бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана шайкеш келтирүү жөнүндө эл аралык конвенцияга (1999-жылдын 26-июнундагы Бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана шайкеш келтирүү жөнүндө эл аралык конвенцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун редакциясына) Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет)  (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет);

4. “2021-жылдын 15-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен ОПЕК эл аралык ɵнүктүрүү фондунун ортосундагы Ысык-Кɵл айланма автожолунун Корумду – Балбай участогун реконструкциялоо долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет)  (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет);

5. “2021-жылдын 3-февралында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Корумду-Балбай участогундагы Ысык-Көл айланма автожолун реконструкциялоо долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет)  (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет);

6. “Бишкек шаарында 2021-жылдын 9-апрелинде кол коюлган 2019-жылдын 8-августундагы Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (“CASA-1000” жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө макулдашуу-катын ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет,  Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет, Бюджет жана финансы боюнча комитет);

7. “Бишкек шаарында 2021-жылдын 3-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ноокат шаарынын ичүүчү суу жана саркынды суу тутумдарын реабилитациялоо” долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну жана Бишкек шаарында 2021-жылдын 3-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ноокат шаарынын ичүүчү суу жана саркынды суу тутумдарын реабилитациялоо” долбооруна Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет)  (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет,  Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет, Бюджет жана финансы боюнча комитет);

8. “Бишкек шаарында 2021-жылдын 13-апрелинде кол коюлган 2019-жылдын 13-сентябрындагы Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кербен шаарында суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууга №1 Кошумча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет,  Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет, Бюджет жана финансы боюнча комитет);

9. “2021-жылдын 12-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк Банк) ортосундагы “Суу коопсуздугу жана суунун сапаты боюнча долбоорду” даярдоого грант, ECAPDEV № TFOB3890 гранты тууралуу макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет,  Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет, Бюджет жана финансы боюнча комитет);

10.“Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Токтошев Э.Т., Абдылдаев Ш.И.,
Примов У.Б., Жоробеков Т.У., Акбаров А.) (
Бюджет жана финансы боюнча комитет, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет);

11. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи –  Кыргыз Республикасынын Президенти) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет).

Жогорку Кеңешин Басма сөз кызматы