Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2020-жылдагы ишинин отчету каралды

23-06-2021
14:51

Бүгүн, 23-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2020-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын отчету каралды.

Жыйында баяндама жасаган мекеме төрагасы Толкунбек Абдыгулов 2020-жылы экономикалык каатчылык шартында Улуттук банктын жыл ичинде аткарган иши өлкөдөгү макроэкономикалык туруктуулукту кармак турууга, финансы жана төлөм системаларынын туруктуулугун сактоого багытталганын белгиледи.

“Улуттук банк 2020-жылы орточо инфляцияны 5-7% чегинде кармап турууга жетиштик. Тагыраагы, инфляциянын орточо көрсөткүчү 6,3%ды түздү. Ошондой эле экономиканы насыялоо үчүн 12,3 млрд сом жумшап, валюта рыногун турукташтыруу алкагында 518 млн АКШ доллары сатылган”, – деди.  

Талкуу маалында депутат Бейшеналы Нурдинов кичи насыяларга карата пайыздар жогору экенин белгилеп: “Улуттук банк пайыздарды көзөмөлдөй алабы?” – деген суроо узатты.

Өз кезегинде Толкунбек Абдыгулов пайыздар боюнча тиешелүү тараптар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын маалымдады.

Ал эми депутат Абдимуктар Маматов акыркы эки жыл Кыргызстан үчүн эле эмес, дүйнө үчүн да оор болгонун белгилеп: “Улуттук банк адискөйлүк менен иш алып барууда. Алсак, коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу бизде валютанын курсттук айырмачылыгы туруктуу”, – деди.

Ошондой эле депутат Айнура Аскарова Улуттук банк насыя алып, төлөй албай калган карапайым калкка кандай жардам бере аларына кызыкты.

Мекеме төрагасы Толкунбек Абдыгулов бардык багытта жардам берүүгө даяр экендиктерин белгилеп: "Өткөн жылы 2630 жаран кайрылган. Алардын жарымына жардам берилди”,– деп кошумчалады.

Муну менен катар депутат Бактыбек Турусбековдун “Улуттук банкта канча кызматкер иштейт?” – деген суроосуна 705 кызматкер иштейт деп жооп берди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы