1970-жылдын 18-июлунда Лейлек районунун Исфана кыштагында туулган.
1993-жылы Н.Э.Бауман атындагы Москва мамлекеттик техникалык университетин “инженер-механик” адистиги боюнча бүтүргөн;
2010-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясын “мамлекеттик башкаруунун менеджменти” адистиги боюнча аяктаган.
1994-жылы Кыргыз-казак СП “Трио-Б”нын башкы директору;
2000-2001-“Кыргыз-Дан-Азык” АК мүлктүк комплексинин директору;
2001-2005-жылдары “Кыргыз-Дан” компаниясынын башкы директору;
2005-жылы Кыргыз Республикасынын финансы мсинистринин кеңешчиси;
2005-2007-жылдары “Манас” Эл аралык аэропорту” ААКнын социалдык-экономикалык маселелер боюнча вице-президенти;
2007-2008-жылдары Мамлекеттер аралык авиациялар комитетинин КМШ Аэропорттор Ассоциациясынын төрагасы;
2007-2010-жылдары “Манас” Эл аралык аэропорту” ААКнын президенти;
2011-2015-жылдары “АККА компаниялар тобу” ЖАКынын директорлор кеңешинин төрагасы;
2015-2020-жылдары “Республика-Ата Журт” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышына депутат;
2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөсү;
2020-2021-жылдары “Манас” Эл аралык аэропорту” ААКнын Башкы директору-Башкармалыгынын Төрагасы;
2021-жылы “АККА компаниялар тобу” ЖАКынын Башкармалыгынын Төрагасынын кеңешчиси;
2021-жылдын 29-декабрында №16 Ноокен шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
2022-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы болгон.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын лидери.
Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.
Сыйлыгы: