Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

19–август 1969-жылы  Бишкек шаарында төрөлгөн.

Билими жогорку. 1986 - жылы Россия Федерациясындагы Мичуринск шаарындагы Мичурин атындагы мамлекеттик педагогикалык институтуна тапшырып, 1995-жылы К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык Университетин бүтүргөн. 2006-жылы Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Академиясынынын «Юриспруденция» адистигин аяктаган. 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академиясынын Эл аралык мамилелер адистигин бүтүргөн.

 

1991-1992 жж. Жалал-Абад шаардык Жарандык абалдын актыларын жазуу бөлүмүндө (ЗАГС) жетектөөчү адис.

1995–2010-жж. «Палван» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору.

1998–2010-жж. «Алмаз» акционердик коом башкармалыгынын төрайымы.

2000-2001-жж. Кыргыз Республикасынын түштүк региону боюнчааялдар конгрессинин президенти.

2003–2005-жж. «Кыргыз соода биримдиги» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору.

2004-жылы Азия боюнча (азиялык) «Алыш» белбоо күрөш федерациясы коомдук уюмунун президенти.

2005-жылы Эл аралык «Алыш» белбоо курөш федерациясынын ардактуу президенти.

2010-жылы октябрь айында Кыргыз Республикасынын V - чакырылышынын Жогорку Кеңешине «Республика» саясий партиясынан депутат болуп шайланды.

2011-ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жаштар саясаты, дене тарбия жана спортту өнүктүрүү комититетинин төрайымы

2011-ж. Кыргыз Республикасынын көркөм гимнастика федерациясынын президенти болуп шайланган.

2011–2013-ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим жана спорт боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.

2012-ж., июль. – Республика фракциясынын лидеринин орун басары.

2013–2015-ж. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары.

2015-жылы октябрь айында Кыргыз Республикасынын VI - чакырылышынын Жогорку Кенешине «Кыргызстан» саясий партиясынан депутат болуп шайланды.

2016-жылы Конститутциялык мызамдардын, мамлекеттик түзүлүштүн, сот-укуктук маселелеринин жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин төрөгасынын орун басары.

2016-2018 ж. Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри.

2021-жылы ноябрь айында Кыргыз Республикасынын VII – чакырылышынын Жогорку Кеңешине  «Ишеним» саясий партиясынан депутат болуп шайланды.

2022-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрөгасынын орун басары.

2022-жылдын декабрь айынан тартып Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы.

 

Класстык чини:

Мамлекеттик кызматтын III-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Мамлекеттик сыйлыктары, грамоталары:

«Даңк» ордени менен сыйланган.

«Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы».

Парламенттер аралык Ассамблеясынын  «ДРЕВО ДРУЖБЫ» алтын медалы менен сыйланган.

Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) «Ардак грамотасы» менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын Билим берүүнүн отличниги.

Дене тарбия жана спорттун отличниги төш белгиси менен сыйланган.

Орто Азия Элдеринин тарыхы институтунун Академиги.

«ФИЛА» ордени менен сыйланган.