Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

1-июлда 1968-жылы Ош облусунун Ылай-Талаа айылында туулган;

1985-1989-жылдары Александр Пушкин атындагы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайында билим алган;

1986 – 1988-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн;

1988 – 1992-жылдары Минск шаарынын ички иштер башкармалыгынын кайгуул-күзөт кызматында кызмат кылган;

1996-жылы Беларус ИИМ Академиясын аяктаган, андан кийин Минск ИИБнын Степянк станциясындагы милициянын линиялык пунктунун жүктөрүнө кылмыштуу кол салуу менен күрөшүү боюнча кылмыш издөө оперкызматкери болуп иштеген;

1997 – 1998-жылдары Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын оперкызматкери;

1998 — 1999-жылдары Ош облустук ички иштер башкармалыгынын чек араны ачуу жана опузалап талап кылуу бөлүмүнүн улук оперкызматкери;

1999 – 2000-жылдары Баткен облусундагы Кадамжай районунун кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысы;

2000 – 2001-жылдары КР ИИМ Ош жана Баткен облустары боюнча Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн оперкызматкери;

2002 – 2005-жылдары Өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук оперкызматкери, ИИМдин Түштүк аймактар аралык уюшкан кылмыштуулукка жана диний экстремизмге каршы күрөшүү башкармалыгынын үчүнчү, андан кийин экинчи бөлүмдөрүнүн жетекчиси;

2005 – 2006-жылдары Ош ИИБ начальнигинин орун басары;

2006 – 2008-жылдары ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча региондук башкармалыгынын начальниги, ошол эле учурда ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкармалыктын начальнигинин орун басары

2008 – 2009-жылдары Жалал-Абад облусунун ИИБнын начальниги, Ош шаарынын ИИБнын начальнигинин орун басары;

2009 – 2010-жылдары Ош облусунун ИИБ Кара-Суу районунун ички иштер бөлүмүнүн начальниги

2010-жылы бир нече кызмат орундарында иштешкен: КР ИИМнин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын башчысы, Ички иштер министринин орун басары, уюшкан кылмыштуулукка жана КМШнын аймагындагы кылмыштардын башка коркунучтуу түрлөрүнө каршы күрөштү координациялоо бюросунун директорунун орун басары;

2010 – 2012-жылдары КР ИИМнин Россиядагы өкүлү;

2012 – 2013-жылдары Ош ички иштер башкармалыгынын жетекчиси

2013 – 2016-жылдары КР ИИМ Ош жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын башчысы;

2016-2021-жылдары КР Ички иштер министринин биринчи орун басары;

Азыркы кезде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин VII чакырылышынын депутаты;

Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.