1991-жылдын 16-майында Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарында туулган.
Жогорку билимдүү. 2014-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык факультетин “Юриспрудентция” адистиги боюнча аяктаган;
2011-2013-жылдары Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин алдындагы ЖОЖдор аралык аскер кафедрасын бүтүргөн;
2014-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын коомдук жардамчысы;
2017-2021-жылдары Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасында тергөөчү;
2021-жылы №1 Лейлек шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин торагасынын орун басары;
Аскердик даражасы юстициянын ага лейтенанты;
Үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы.