1973-жылы 3-февралда Ош облусунун Алай районунда туулган;
Эки жогорку жана бир академиялык билими бар;
1995-жылы КМУнун юридикалык факультетин, 2008-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын "Мамлекеттик башкаруу" факультетин бүтүргөн;
2010-жылы АУПКнын аспирантурасын аяктаган;
1997-2015-жылдары Жалал-Абад, Ош, Чүй облустарынын прокуратураларында, ошондой эле Башкы прокуратурада иштеп, Биринчи май жана Ленин райондорунун прокурорунун жардамчысы болгон;
2015-жылдан 2021-жылына чейин "Глобал консалтинг" юридикалык компаниясынын жетекчиси болуп эмгектенген;
2011-жылдан тартып Кыргыз улуттук ат оюндары федерациясынын президенти;
Үч баланын энеси.
2021 жылы “Ыйман Нуру” саясий партиясынын тизмеси боюнча VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кенештин социалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү;