Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Ош обулустуна караштуу Кара-Суу районундагы Папан айылында 1975-жылдын 13-мартында туулган. Улуту кыргыз, үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы. Жогорку билимдүү.

1997-жылы Ош технологиялык университетинин «инженер-технолог» адистигин аяктаган.

Ошондой эле, 2000-жылы Ош технологиялык университетинин юридикалык факультетин, 2007-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин «финансы-кредит» адистигин, 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу башкаруу академиясын бүтүргөн. 

Эмгек жолун:

  • 2003-жылы жеке ишкерликтен баштаган;
  • 2005-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинде жетектөөчү адис болуп иштеген;
  • 2008-2010-жылдары жоопкерчилиги чектелген «Папан Курулуш» ишканасынын директору болуп эмгектенген;
  • 2008-2010-жылдар арасында  Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, Свердлов райондук аймактык депутаттык топтун жетекчиси болгон;
  • 2010-жылы «Республика» партиясынын тизмеси менен V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болгон;
  • 2015-жылдын 4-октябрында “Кыргызстан” саясий партиясынан VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган;
  • 2015-жылдын 6-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайланган;
  • 2019-жылдын 29-майынан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы.
  • 2021-жылдын ноябрь айында №8 Төлөйкөн бир мандаттуу шайлоо округу      боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылыштагы депутаты болуп шайланган.
  • 2022-жылдын 27-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланган.

Ошондой эле, Нурбек Алимбековдун эмгеги жогору бааланып, бир катар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган. Ал Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.