Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Примов Улан Бердибаевич 1978-жылдын 7-декабрында Ош шаарында туулган.

Жогорку билимдүү. 2000-жылы Ош технологиялык университетиндеги каржы жана экономика факультетин бүтүргөн. 2004-жылы Ош мамлекеттик университетинин Юридика факультетин “юриспруденция” адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун 1998-жылы тамеки-ферментациялык заводдо кызматкер болуп баштаган.

Жогорку окуу жайды бүткөн соң Ош облусунун Алай районунун каржы башкармалыгында жетектөөчү адис, башкы бухгалтер, экономика бөлүмүнүн башчысы кызматтарында эмгектенген.

2004-жылы “Пэрити-Коал” ЖЧКсын негиздеп, 2014-жылга чейин жетектеген.

2007-жылы Ош шаардык кеңешинин II чакырылышына депутат болуп шайланган. Бюджет, экономика жана каржы боюнча туруктуу депутаттык комиссияны жетектеген.

2012-жылы III чакырылыштагы Ош шаардык кеңешинин депутаты болуп кайра шайланган. 2014-жылдын январь айында Ош шаардык кеңешинин III чакырылышынын төрагасы болуп шайланган.

2015-жылдын 4-октябрында VI чакырылыштын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Ошол эле жылдын ноябрында Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланган.

2021-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышына депутат болуп №11 Алай бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган.

2022-жылдын январынан 2022-жылдын октябрына чейин - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары болгон.

2022-жылдын октябрынан азыркы күнгө чейин - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Экономика илимдеринин кандидаты.

Алай районунун мамлекеттик администрациясынын, Ош облустук финансы башкармалыгынын, Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин Ардак грамоталары менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун отличниги. Андан сырткары “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 95 жыл” мааракелик медалы менен жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан I даражадагы “Артыкчылык үчүн” медалы менен сыйланган.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.