Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

1957 жылы 8-октябрда туулган.

1974-жылы  Жалал-Абад шаарындагы №5 орто мектебин аяктаган.

1979-жылы Харьков тамактануу академиясын артыкчылык диплому менен аяктаган.

1980-жылы  Киев шаарындагы Тышкы экономикалык байланыштардын жана маалыматтардын илимий-изилдөө институтуна аспирантурага тапшырган, аны аяктагандан кийин экономика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн диссертация коргогон.

1984 – жылдан 1991-жылга чейин - "Нарын" комплексинин директору, "Киргисвнешторг" фирмасынын директору, Фрунзе шаардык коомдук тамактануу бирикмесинин башкы директору, андан кийин "Кыргызсаякат" туризм боюнча Республикалык бирикмесинин жетекчиси.

1991 – жылдан 1994-жылга чейин- "Аалам" холдингдик компаниянын президенти,

1995-жылы Эл аралык ресурстар институтунда (Кливленд, АКШ) стажировкадан өткөн.

1995, 2000, 2005 жана 2021-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Республиканын парламентинде Бюджет жана финансы маселелери боюнча комитеттин төрагасынын орун басары, бийик тоолуу, алыскы региондордун жана жаратылыш-климаттык шарттары оор райондордун маселелери боюнча комиссиянын төрагасы болуп иштеген. Көптөгөн мыйзамдардын демилгечиси жана  автору.

2003-жылдан тартып Кыргызстандын чет өлкөлөр менен достук жана кызматташтык коомдорунун бирлигинин Президенти.

2004 - жылы Кыргыз Республикасынын жаа атуу Федерациясынын Президенти, ал эми 2017-жылдан тартып-федерациянын ардактуу Президенти болуп шайланган.

1995-жылдан баштап - "МАК "Ишкана системасы" ЖЧКнын Президенти.

2017-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер болгон.

II- класстагы Мамлекеттик кеңешчи, эки жолу “Манас-1000" эстелик медалы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы  жана Монголиянын Мамлекеттик сыйлыгы -“Достук" медалы  менен сыйланган.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.