1967-жылдын 28-декабрда Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка айылында туулган;
Жогорку билимдүү.
1 баланын энеси.
Билими:
1987-1989-жылдары Жалал-Абад шаарындагы А.С.Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайы;
1990-1995-жылдары Ош Мамлекеттик университетинин «Педагогика жана психология» факультети;
1996-1999-жылдары Кыргыз Билим берүү институтунун филология факультети;
1997-1999-жылдары Кыргыз Улуттук Илимдер академиясында аспирантурасын аяктаган. Филология илимдеринин кандидаты, доцент.
Эмгек тажрыйбасы:
1995-2003-жылдары ЖАМУнун филология факультетинде лаборант, ага лаборант, окутуучу, ага окутуучу, доценттин милдетин аткаруучу;
2003-2005-жылдары декандын окуу иштери боюнча орун басары кызматтарын аркалаган.
2005-2008-жылдары Жалал-Абад облустук администрациясында губернатордун социалдык маселелер боюнча орун басары;
2008-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө уюштуруу бөлүмүнун эксперт;
2010-2012-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты;
2012-2014 жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө вице-премьер-министр;
2014-2015-жылдары Маданият, маалымат жана туризм министри;
2015-2021-жылдары И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде доцент болуп эмгектенген.
2021 – жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты;