Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

1965-жылдын 9-мартында Ош областынын Өзгөн районунун Куршаб айылында төрөлгөн;
1983-1985-жылдары Советтик Армиянын катарында Германияда кызмат кылган;
1985-1987-жылдары Ош областынын Өзгөн районунун «Кайнар» совхозунда «Шумкар» комсомолдук курулуш бригадасын жетектеген;
1987-1992-жылдары Тверь шаарындагы Тверь Мамлекеттик университетинин студенти. Адистиги – тарыхчы, тарых жана коом таануу окутуучусу;
1999-жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн.


1992-жылы Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясынын «Түрк ааламы» гезитинин башкы редактору;
1992-1995-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик телерадио агенттигинин башкы редакторунун орун басары, андан кийин башкы редактору болуп эмгектенген;
1995-2000-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мыйзам чыгаруу палатасынын I чакырылыштагы депутаты. Социалдык саясат, элди иш менен камсыз кылуу жана массалык маалымат каражаттары комитетинин төрагасы;
2000-2005-жылдары Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасынын II  чакырылыштагы депутаты. Эмгек, социалдык саясат жана ардагерлер комитетинин төрагасы;
2005-2006-жылдары Жогорку Кеңештин III чакырылыштагы депутаты;
2006-жылы Кыргыз Республикасынын вице премьер-министри;
2006-жылы «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын төрагасы;
2006-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы;
2007-2008-жылдары Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин IV чакырылыштагы депутаты. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы.
2008-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы;
2013-2015-жылдары Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Башкы катчысынын орун басары;
2021-жылдын декабрь айынан бери Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты, “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик  фракциясынын лидери.
Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.