1979-жылдын 13-декабрында Баткен областынын Лейлек районуна караштуу Тогуз-Булак айылында туулган;
1996-жылы Тогуз-Булак орто мектебин алтын медал менен аяктаган;
Жогорку билимдүү;
2001-жылы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин «туркология» адистиги боюнча бүтүргөн;
2001-2004-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында аспирантурада билим алган;
2004-2007-жылдары Бишкек шаарында жеке ишканада котормочу;
2007-2008-жылдары Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинде ага окутуучу, окумуштуу катчы;
2008-2011-жылдары «Стройтехника» ЖЧК бухгалтер. Москва шаары;
2011-2012-жылдары «Уста» ЖЧК, башкы бухгалтер, финансы директорунун орун басары. Москва шаары;
2015-2021-жылдары «Сырма Текстиль-Бишкек» ЖЧКсынын директору;
2021-жылы "Ишеним" партиясынын тизмеси менен VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган;
Бир уул, бир кыздын энеси.