1973-жылы 23-ноябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун Кош-Терек айылында туулган, улуту – кыргыз;
Эки жогорку билими бар: 1992 -1997-жылдары Россия Федерациясынын Абадан болгон чабуулга каршы коргонуудагы кургактагы аскерлер академиясын артыкчылык диплому менен бүтүргөн;
2013 -2015-жылдары Ош мамлекеттик университетин «Юриспруденция» кесиби боюнча бүтүргөн;
1997 – 2013-жылдары КР МУКК ар кандай оперативдик жана жетекчилик кызматтарда иштеген;
2009 – 2010-жылдары КР Финансы полициясынын ички коопсуздук кызматынын Башкармалыгында жетекчинин орун басары;
2013 – 2014-жылдары «Газпром нефть Азия» филиалынын директору;
2014 – 2015-жылдары ААК «НЭСК» коопсуздук жана келечектүү өнүгүү үчүн департаментинин директору;
2015 – 2019-жылдары КР Мамлекеттик Бажы кызматынын ички коопсуздук жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси;
2019 – 07.2019-жылдары КР МУКК Башкы башкармалыгынын жетекчиси;
29.12.2021-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенештин VII чакырылышына «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан депутат болуп шайланган;
Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.