Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

1984-жылы Бишкек шаарында төрөлүп, Нарын шаарында өскөн. Улуту-кыргыз.

2001-жылы Нарын шаарындагы №2 В.П.Чкалов атындагы мектеп-гимназияны  бүтүргөн.

2006-жылы Кыргыз-Орус-Славян университетинен «Юриспруденция» адистиги  боюнча билим алган.

2015-жылы Кыргыз-Орус-Славян университетинен “Ишкердик жана укук” адистиги боюнча экинчи билимге ээ болгон. 2006-жылдан  2009-жылга чейин  «Газпром Нефть Азия» компаниясынын темир жол боюнча документтерди жүргүзгөн  адиси болуп иштеген. 

Азыркы учурда курулуш жана нефтини кайра иштетүү тармактарында ишмердик кылуучу кампаниялардын негиздөөчүсү жана Башкы директору.

Атасы - Самаков Карганбек Садыкович, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин үч жолку чакырылышынын депутаты, коомдук жана саясий ишмер. «Манас» эпосу  баштаган кыргыз элинин материалдык жана материалдык эмес баалуулуктарын ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын тизмесине катталышынын демилгечиси жана сүрөөнчүсү болгон.

Апасы- Сыдыгалиева Гүлнара Кумарбековна.

Үй-бүлөлүү.

Бир уул, эки кыздын атасы.