Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 1972-жылдын 21-сентябрында туулган;
1990-1992-жылдары Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде ветеринардык факультетте окуган;
1992-1997-жылдары Стамбул университетинин (Түркия) токой чарба факультетинен инженер кесиби боюнча билим алган;
2001-жылы Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде инженер-эколог адистиги боюнча бакалавр даражасын алган;
2009-жылы КР президентинин алдындагы Башкаруу академиясында менеджмент адистиги боюнча бакалавр даражасын алган;
1996-1997-жылдары "Корис интернейшнл" француз-түрк камсыздандыруу ишканасында КМШ өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн кызматкери;
1997-2000-жылдары ӨР өкмөтүнүн алдындагы Токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун жардамчысы;
2000-2004-жылдары Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы, парламенттеги Өндүрүш жана бизнести өнүктүрүү комитетинде консультант;
2004-2010-жылдары КР президентинин Иш башкармалыгында жетекчинин кеңешчисинен тарта биринчи орун басарга чейин;
2010-2013-жылдары "Айат" гезитинде редактор, саясий баяндамачы;
2013-2015-жылдары "АЮ Холдинг" ишканасынын президентинин кеңешчиси;
2015-жылы "АЮ Холдинг" ишканасынын вице-президенти;
2018-жылы "АЮ Гранд Комфорт" соода борборунун башкы директору;
2018-2020-жылдары Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси;
2020-жылдын июль айында Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматына дайындалган;
2020-жылдын 27-октябрында Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган;
2021-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.