1990-жылдын 3-ноябрында Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор айылында туулган.
2012-жылы Борбордук Азиядагы Америка университетин аяктап, Эл аралык жана бизнес укугу жаатында «бакалавр» академиялык даражасына ээ болгон.
2014-жылы Кыргыз-Россия Славян университетинин юридикалык факультетин бүтүрүп, «магистр» академиялык даражасы ыйгарылган.
2021-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясын аяктап, Эл аралык мамилелер багыты боюнча «магистр» даражасына ээ болгон.
2013-жылдын май айынан 2014-жылдын март айына чейин «Кыргыздипсервис» мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасында
катчы-референт болуп иштеген.
2014-жылдын март айынан 2021-жылдын февраль айына чейин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык-укуктук департаментинде эксперт-жетектөөчү референт болуп эмгектенген.
2021-жылы «Таалайбек Курткаев атындагы кайрымдуулук фонду» коомдук фондунун жетекчиси.
2021-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.