Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

1985-жылдын 3-июлунда Жалал-Абад областынын Ала-Бука районуна караштуу Ала-Бука айылында туулган;

Жогорку билимдүү;

2002-жылы Чынгыз Айтматов атындагы Кыргыз-Түрк лицейин аяктаган;

2007-жылы Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин эл аралык мамилелер факультетинин эл аралык экономика бөлүмүндө жогорку билим алган;

2011-жылы Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Академиясында «Юриспруденция» багыты боюнча магистр даражасына ээ болгон;

 2007-2008-жылдары ОАО “Электр станцияларында” тышкы байланыштар бөлүмүндө  экономист болуп эмгек жолун баштаган;

 2008-2010-жылдары Мамлекеттик Финансалык Полиция кызматында ыкчам кызматкери болуп конкурстук негизде дайындалган;

 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин төрагасынын кеңешчиси;

2011-2012 жылдары МККнын Калкты катоо департаментинин директорунун орун басары кызматын ээлеген;

2016-2021 жылдары ЖчК «Кыргыз-Чех суу компаниясын” негиздеп,  башкарып келген;

2021-жылдын июнь айында Ош шаардык Кенешке “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынын тизмеси менен эл өкүлү болуп шайланган;

2021-жылы "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси менен VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган;

2022-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланган;

Үй-бүлөлүү, үч уулдун атасы.