1970-жылдын 16-июлунда Кыргыз Республикасы, Ош областы, Араван району, Пахта-Абад айылында кызматчынын үй-бүлөсүндө туулган;
1987-жылы К. И. Скрябина атындагы айыл чарба институтуна агрономия адистиги боюнча окууга кирип, 1992-жылы окумуштуу агроном квалификациясы менен аяктаган;
1993-жылдан 1995-жылга чейин жеке ишкерлик менен алектенген;
1995-жылдан 1999-жылга чейин «Чынар» дыйкан чарбасынын башчысы болуп иштеген;
1999-жылдан 2011-жылга чейин Араван райондук мамлекеттик администрациясы астындагы Маркетинг борборунун директору болуп иштеген;
2008-жылдан 2012-жылга чейин Араван райондук кенешине депутат болуп шайланган;
2011-жылдан 2014-жылга чейин «Чынар» дыйкан чарбасынын башчысы болуп иштеген;
2014-жылдан 2021-жылга чейин Алля Анаров айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген;
2021-жылы №6 Араван шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган;
Үй-бүлөлүү, төрт уул жана бир кыздын атасы.