1958 – жылы 20-декабрда Ош облусунун Ноокат районундагы Кыркол айылында туулган;
Жогорку билимдүү.
3 баланын энеси.
Билими:
1975-1980-жылдары Фрунзе шаарынын В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун физика-математика факультетин бүтүргөн;
1988-жылы Алма-Ата шаарынын Жогорку партиялык мектептин атайын курсун аяктаган;
1988-1993-жылдары Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетинде билим алган;
Эмгек тажрыйбасы:
1975-1976-жылдары Ноокат районундагы Россия колхозунун сүт-товар комплексинде «Таң шооласы» комсомолдук жаштар бригадасын жетектеп, оператор бригадир болуп өзүнүн алгачкы эмгек жолун баштаган;
1980-1981-жылдары К.Жакыпов атындагы орто мектептин математика мугалими;
1981-1983-жылдары комсомолдун Ноокат райондук комитетинин бөлүм башчысы, катчысы;
1983-1988-жылдары ЛКЖСтин Алай райондук комитетинин бөлүм башчысы, катчысы;
1988-1989-жылдары Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Алай райкомунун уюштуруу бөлүмүнүн кадр иштери боюнча инструктору;
1989-1990-жылдары Эл депутаттарынын Алай райондук кеңешинин аткаруу комитетинин жоопту катчысы;
1990-1991-жылдары Эл депутаттарынын Алай райондук кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары;
1991-1992-жылдары Кыргызстан коммунисттик партиясынын Алай райондук комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн инструктору, Алай райондук партия комитетинин III – катчысы, Алай районунун жер маселелери боюнча комитетинин инспектору;
1992-1994-жылдары Алай районунун Гүлчө айылынын Парманас атындагы орто мектебинин директору;
1994-1995-жылдары Алай райондук мамлекттик адмниситрация башчысынын социалдык экономикалык маселелер боюнча орун басары;
1995-2002- жылдары “Мөл-Булак” ишканасынын жетекчиси;
2002-2010-жылдары жеке менчик тигүү ишканасынын жетекчиси;
Эл депутаттарынын Гүлчө айылдык Кеңешинин депутаттыгына бир жолу жана Алай райондук Кеңешинин эки жолку депутаты болуп шайланган;
2010- жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин V- чакырылышынын депутаты;
2010-жылдын ноябрына чейин Жогорку Кеңештин регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинин мүчөсү;
2014-жылдын мартына чейин Бюджет жана финансы боюнча комитеттин мүчөсү;
2014-2015-жылдары Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары;
2015-2021–жылга чейин “Мээримбек" кайрымдуулук фондунун президенти;
2021 – жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты;