Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

1968-жылы төрөлгөн;

Жогорку билимдүү. 1991-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз улуттук университетинин «Экономика» факультетин «Дүң соода жана материалдык-техникалык камсыздандыруу» тармагында экономист адистиги боюнча бүтүргөн;

Эмгек ишмердүүлүгүн 1986-жылы Кыргыз Потребсоюзунун пландоо-экономика бөлүмүнүн кенже адиси болуп баштаган;

1988-1989 жылдары ВНИПИстатинформ. Кыргыз ССР соода Министерствосунун дүң соода базаларын тейлөөдө техник-проектировщик болуп, 1989-1998-жылдары нан азыктары жана алдын ала даярдоо Кыргыз мамлекеттик ишканасынын пландоо-экономика бөлүмүнүн башкы адиси, 1992-1993 жылдары  «Адылов и компания» Соода үйүндө, 1998-2012-жылдары. «ЛБС Милк Продакшн» ЖЧКсынын мүдүрү болуп эмгектенген.

Ошондой эле 2012-2016-жылдары Бишкек шаардык кеңешинин депутаты ишмердүүлүгүн аркалаган.

Ал эми 2021-жылы «Ынтымак» саясий партисынын тизмеси менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.