1967-жылдын 24-августунда Чүй облусунун Сокулук районунун Дөн Алыш айылында туулган;
1987-жылы Фрунзе совхозунун техникумунун “зоотехник кесибине окуп ийгиликтүү аяктап, 2005-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетин аяктап “экономист” кесибин алган;
1987-1990-жылдары Советтик Аскер-Дениз флотунда кызмат өтөп, “главно-корабельный старшина” наамына ээ болгон;
1990-жылы Ленин атындагы колхозунда ферманын эсепчиси;
1991-1993-жылдары Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинде зоотехник;
1993-1996-жылдары “Шорго” айыл чарба кооперативинин төрагасынын орун басары, андан кийин Кыргызпотребсоюзунун кампа башчысы;
1997-1998-жылдары “ Бек-Констракшн” фирмасында жабдуучу;
1999-жылдан Бишкек Эркин экономикалык аймагынын (СЭЗ) көзөмөлдөөчү, ага көзөмөлдөөчү, Тартип башкармалыгында күзөт жетекчиси, көмөкчү чарбанын (курулуш боюнча) башкаруучусу, кийинчирээк Курулуш жана механизация бөлүмүнүн башчысы болгон (1999-2001);
2001-2011-жылдары Бишкек Эркин экономикалык аймагында Жоопкерчилиги чектелген өндүрүштүк коомдордо (“Арпа”,”СЭЗ Курулуш”, “Баден-Сервис”) башкы директор. Ал жетектеген “Баден-Сервис” курулуш долбоор фирмасы Ысык-Көлдөгү “Ак-Марал” эс алуу борборун, Американын “Ганси” авиабазасынын казармасын жана ашканасын, “Банк-Азия” жабык акционердик коомунун имаратын ж.б курган. 2000-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик курулушунун 1-деңгээлдеги лицензиясын алууга татыктуу болгон;
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ала-Арча айылдык кеңешинин, андан кийин Сокулук районунун Военно-Антоновка Айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланган;
2011-2012-жылдары “СЭЗ Бишкек” Жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директорунун орун басары;
24.12.2012 – 02.2017-жылдары Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- акими;
13.11.2020-22.05.2021-жылдары Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими;
2021-жылдын май айынан октябрь айына чейин Ош облусунун Кара-Кулжа районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими болуп иштеген;
Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.