Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

1958-жылдын 27-майында Ош областынын Жаңы-Ноокат районунун Караван айылында туулган;

1975-жылы Баткен шаарындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектепти аяктаган.

 

Билими жогору:

 

1983-жылы Рига Кызыл Туу ордендүү жарандык авиациялык инженерлердин Ленин комсомол атындагы институтунун учуучу аппараттарды жана авиакыймылдаткычтарды эксплуатациялоо боюнча инженер-механик квалификациясына ээ болгон;   

1988-жылы Киев шаарында СССРдин МККнын (КГБ) жогорку курсун бүтүргөн; 

2002-жылы Кыргыз мамлекеттик Улуттук университетинин "Финансы жана кредит" адистигине ээ болгон.

 

Класстык чени:

 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын экинчи класстагы мамлекеттик кеңешчиси (2005-ж.)

 

Эмгек жолу:

 

1983-1987-жылдары – Манас аэропортуна караштуу Фрунзе биргелешкен авиаотрядынын Авиа техникалык базасында инженер;

1987-1993-жылдары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде оперативдик кызматкер, ага оперативдик кызматкер жана бөлүмдүн башчысы;

1993-1994-жылдары – «Кыргызстан аба жолдору» Улуттук авиакомпаниясынын Президентинин жардамчысы, авиациялык коопсуздук болумунун башчысы;

1995-1997-жылдары – «Кыргыз Жер» акционердик коммерциялык банкынын төрагасынын кеңешчиси;

1997-1998-жылдары – «Кыргызстан аба жолдору» Улуттук авикомпаниясынын Президентинин жардамчысы;

21.03.2000-2.10.2000-жылдары – Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатордун кеңешчиси, пресс-катчысы;

2000-2001-жылдары – Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын аппаратынын өнөр жай, курулуш жана коммуникация бөлүмүнүн башчысы;

2001-2004-жылдары – «Баткен» авиаишканасынын генералдык директору;

2004-2004-жылдары – Баткен облустук суу чарба башкармалыгынын начальнигинин финансы-экономикалык маселелер боюнча орун басары;

2005-2008-жылдары – Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатор;

2008-2010-жылдары–Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси;

2010-2010-жылдары – Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатордун орун басары;

2010-2011-жылдары – Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатор;

2011-жылдын январь айынан 2011-жылдын ноябрь айына чейин –Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси;

2021-жылы "Ыйман Нуру" саясий партиясынын тизмеси менен
VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

Бир катар медалдардын жана башка сыйлыктардын ээси.

Үй бүлөлүү, 5 баланын атасы.