1984-жылдын 16-февралында Ош облусунун Карасуу районундагы Төлөйкөн айылында туулган;
Жогорку билимдүү. 2011-жылы Ош мамлекеттик университетин “Информациялык системалар жана технологиялар” адистиги боюнча бүтүргөн;
2019-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясын бүтүрүп, “Менеджмент” багыты боюнча МАГИСТР академиялык даражасы ыйгарылган;
2003-жылы Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн катарына чакырылган;
2009-2012-жылдары “Жаңы шаар Курулуш компаниясы” ЖЧКнын директору;
2014-жылдары “Арек курулуш” ЖЧКнын директорунун кеңешчиси;
2014-2017-жылдары “Кыргыз Каганат” ЖЧКнын директорунун кеңешчиси;
2018-2019-жылдары “Альфа Телеком” ЖАКнын башкы директорунун кеңешчиси;
2019-2020-жылдары “Альфа Телеком” ЖАКнын кеңешчиси;
2021-жылдын март айынан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты;
2021-жылдын декабрь айынан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты;
Сыйлыктары:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ардак грамотасы;
“Кыргыз тили”, “Ыйык тил” төш белгилери менен сыйланган;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Ардак грамотасы менен сыйланган;
Кыргыз Республикасынын Грэпплинг ADCC Федерациясынын Ардак грамотасы менен сыйланган;
Түркия Республикасында өткөн “Жибек жолунун жылдын алтын адамдары” 17-чи церемониясында “Жылдын эң мыкты меценат депутаты” эл аралык наамы ыйгарылган;
Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнун 30 жылдыгына карата жана “Жетиген” журналынын 10 жылдыгына карата “Эгемендиктин каарманы” наамын алып, медаль жана диплом менен сыйланган;
Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Ардактуу атуулу;
Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.