Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өнүгүү максаттарынын аткарылышы талкууланды

23-06-2023
17:07

Бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүктүрүү максаттарын (ТӨМ) ишке ашыруу боюнча мыйзамдардын аткарылышын контролдоо боюнча түзүлгөн жумушчу топтун кеңейтилген жыйыны өттү.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн, эксперттердин катышуусундагы жумушчу топтун кеңейтилген жыйыны депутат Чингиз Айдарбековдун төрагалыгы алдында өттү.

Чингиз Айдарбеков ТӨМ боюнча жумушчу топтун жыйынынын максаты ачык диалогду, кызматташууну жана Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүктүрүү максаттарын алдыга жылдыруу боюнча конкреттүү чечимдерди иштеп чыгуу экенин баса белгиледи.

Ал эми депутат Өмүрбек Бакиров Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү контекстинде суу ресурстарын эффективдүү башкаруу жаатындагы маселелерди атады. Ал калкты ичүүчү суу менен камсыздоо, экосистеманы коргоо чараларына, тиешелүү инфраструктураны модернизациялоо жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу маселелерине өзгөчө көңүл буруп, Кыргызстандын суу ресурстарын башкаруу тармагында комплекстүү мамиле зарыл экенин баса белгиледи. 

Жыйындын катышуучулары курчап турган чөйрөнү коргоо, билим берүү тармагын реформалоо, адам укуктарынын абалы өңдүү Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүү маселелерин талкуулашты. Талкуунун жыйынтыгында иш-чаранын катышуучулары сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен ТӨМдүн жумушчу тобунун чечимин кабыл алышты.

Эске салсак, жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев, Бириккен Улуттар уюмунун (БУУ) Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве жана  БУУӨПдүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлүнүн милдетин аткаруучу Аламгир Хоссейн баяндама жасашты.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү