Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Чингиз Айдарбеков Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Маэда Сигэки мырза менен жолугушту

06-10-2022
09:02

Бүгүн, 5-октябрда Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Чингиз Айдарбеков Жапониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Маэда Сигэки мырза менен дипломатиялык миссиясынын аякташынын алкагында жолугушту. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жапония менен кызматташуу боюнча парламенттик достук тобунун жетекчиси Талайбек Масабиров катышты.

Комитет төрагасы Чингиз Айдарбеков кыргыз-жапон кызматташтыгы бардык тармактарда жигердүү өнүгүп жатканын баса белгилеп, элчи Маэда Сигэкиге жемиштүү иши үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын үч жылдык аралыгында көп сандагы биргелешкен иш-аракеттерди жана эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшкөнүн белгиледи. Анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдө, Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA), Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча Стипендия программасынын (JDS) иш-чараларынын алкагында долбоорлор ишке ашырылганын кошумчалады.

«Биз өлкөбүздүн өнүгүшүнө кошкон салымыңызды жогору баалайбыз жана мындан ары да жемиштүү кыргыз-жапон кызматташтыгына кызыкдарбыз. Жапония биздин жакын досубуз жана стратегиялык өнөктөшүбүз. Сизге пандемияга каршы күрөшүүдө көрсөтүлгөн колдооңуз үчүн, IT тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымыңыз үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирем», - деди Ч.Айдарбеков жана Маэда Сигэки мырзага мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жапония менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Талайбек Масабиров Жапониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Маэда Сигэки мырзанын дипломатиялык ишмердүүлүгүн жогору баалап, анын иш сапары учурунда медициналык жабдуулар менен камсыздоо, жолдорду куруу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча маанилүү долбоорлор ишке ашырылганын айтты.

Өз кезегинде Жапониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Маэда Сигэки мырза Тажикстандын куралдуу агрессиясынын натыйжасында ондогон кыргызстандыктардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Андан соң дипломат биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу Жогорку Кеңештин ар тараптуу колдоосу менен гана мүмкүн болгонун баса белгиледи. «Мен жапониялыктарды Кыргызстан менен тааныштыруу боюнча миссиямды улантуу ниетим бар», - деген Маэда Сигэки, IT тармагында кызматташуу үчүн чоң потенциал бар экенин кошумчалады.

Жолугушуунун соңунда Жапониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Маэда Сигэки мырза эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланды.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү