Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Чингиз Айдарбеков аймактардагы таза суу маселесин көтөрдү

29-09-2022
12:29

Бүгүн, 29-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар тарабынан бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөр көтөрүлдү.

Алсак, депутат Чингиз Айдарбеков эгемендүүлүк жылдарында калктуу конуштарды таза суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын өнүктүрүүнү боюнча көптөгөн келишимдер кабыл алынып, гранттар жана насыялар алынганына карабастан, республиканын ар бир аймактарында ичүүчү суу менен камсыздоо көйгөйлөрү бар экенин баса белгиледи. «Мисалы, Чүй районунун Кегети айылында таза суу жок, Кайырма айылында да ушундай көйгөй бар», - деген эл өкүлү, маселени чечүү боюнча тиешелүү жетекчилерге протоколдук тапшырма берүүнү өтүндү.

Ал эми депутат Надира Нарматова Ош-Ноокат-Исфана унаа жолунун 28-чакырымынан 75-чакырымына чейинки аралыкты реконструкциялоо керектигине көңүл бурду. Ал бул жол республикалык маанидеги жана Баткен облусуна алып баруучу жол катары, бюджеттик каражаттардын эсебинен бүтүрүүнү сунуштады.

Ошондой эле депутат Сеидбек Атамбаев Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Восток айылында коомдук транспорттун жетишсиздиги көйгөйүн айтты. Муну менен катар эл өкүлү Байтик айылындагы лицейде гуманитардык жардамга муктаж Баткен районунун тургундарын кабыл алганын билдирди.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү