Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Эл аралык иштер боюнча комитет аскердик кызмат өтөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарга киргизилип жаткан ѳзгѳртүүлѳрдү карады

03-10-2022
15:04

Бүгүн, 3-октябрда Чингиз Айдарбековдун төрагалыгы алдында Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин кезектеги жыйыны өттү.

Комитет мүчөлөрү «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, «Курал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, «Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы) ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү туралуу» мыйзам долбоорун биринчи окууда карашты.

Жыйында баяндама жасаган демилгечилердин бири, депутат Марлен Маматалиев белгилегендей, мыйзамдардын жарандарды мобилизациялоо жана ѳлкѳбүздүн жарандарынын аскерге милдеттүүлүгү чѳйрѳсүндѳгү бѳлүгүнѳ ѳзгѳртүүлѳрдү жана түзѳтүүлѳрдү киргизүү бүгүнкү күнү ѳтѳ актуалдуу болуп турат.

Ѳзгѳртүүлѳргѳ ылайык, аскерге милдеттүүлѳр үчүн жаш курагынын чегин аныктоо, алар мобилизация жарыяланганда чакыртылышы мүмкүн.

Ошондой эле, Баткен жана Ош облустарынын чек арага жакын райондорун коргоону, кайтарууну жүзѳгѳ ашыруу зарыл болгон шартта, мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоодо, кризистик жагдайларды жана ченемдин башка ѳзгѳчѳ кырдаалдарын локалдаштырууда жана чечүүдѳ   мобилизациялоо жарыяланган учурда алар чакыртылышы мүмкүн болгон аскерге милдеттүүлѳр үчүн жаш курактагы чекти аныктоо сунушталууда.

Мындан тышкары, Баткен жана Ош облустарынын чек арага жакын райондорунда туруктуу негизде жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына ок атуучу сайлуу куралды сатып алууга, алып жүрүүгѳ жана пайдаланууга уруксат берүү чѳйрѳсүндѳгү укуктук жѳнгѳ салууну аныктоо. Баткен жана Ош облустарынын чек арага жакын райондорун коргоону, кайтарууну жүзѳгѳ ашыруу зарыл болгон шартта, мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоодо, кризистик жагдайларды жана ченемдин башка ѳзгѳчѳ кырдаалдарын локалдаштырууда жана чечүүдѳ  мыйзамдын бул ченеми мындай учурларда берүү жол-жобосу жана тартиби Кыргыз Респуликасынын Министрлер Кабинети тарабынан ѳзүнчѳ ченемдик укуктук актылар менен аныкталган ѳзгѳчѳ тартипте жѳнгѳ салынбайт.

Талкуу маалында депутаттар Чолпон Султанбекова, Шайлообек Атазов альтернативдик кызмат өтөө маселесине токтолушту. Депутат Кундузбек Сулайманов өз ыктыяры менен мобилизацияга чакырылгандардын жаш курагынын чегин белгилөө зарылчылыгы тууралуу пикирин билдирди. Анын айтымында, мобилизациялоо боюнча аскердик кызматка чакыруунун тартиби Коргоо министрлиги тарабынан аныкталышы керек. Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун жактырышты.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү