Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Эл аралык иштер боюнча комитеттин төрагасы Чингиз Айдарбеков Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттери менен жолугушту

14-10-2022
14:55

Бүгүн, 14-октябрда эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Чингиз Айдарбеков Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин студенттери менен жолугушту.

Жолугушуу маалында Чингиз Айдарбеков өзүнүн эмгек жолуна, дипломатиялык ишмердүүлүгүнө токтолуп, алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн билим алуунун өзгөчө маанисин баса белгиледи.

«Сиз тандап алган кесип тынымсыз изденүүнү, терең теориялык билимди, башка мамлекеттердин парадигмаларын жана өнүгүү стратегияларын изилдөөнү, ошондой эле аналитикалык жөндөмдү талап кылат», - деди Чингиз Айдарбеков.

Андан соң эл өкүлү студенттерге Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишмердүүлүгү, парламенттин түзүмү жана анын негизги функциялары, комитеттердин жана парламенттик фракциялардын иши менен тааныштырып, мыйзам чыгаруу демилгелери тууралуу айтып берди.

Ошондой эле Чингиз Айдарбеков саясий күн тартибиндеги эң актуалдуу окуяларга, анын ичинде 2021- жана 2022-жылдардагы Тажикстандын агрессиясы, анын натыйжасында социалдык инфратүзүм талкаланып, карапайым тургундар каза болгонуна көңүл буруп, жаңжалдарды дипломатиялык жол менен алдын-алуу жана чечүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде студенттер депутатка кызыктырган суроолорун берип, жооп алууга мүмкүнчүлүк алышты.

Жолугушуунун соңунда эл аралык иштер боюнча комитеттин төрагасы Чингиз Айдарбеков студенттердин окууларына ийгиликтерди каалап, алдыга бийик максаттарды коюуга жана сапаттуу билим алууга чакырды.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү